Сарпашев "КазТранГазга" 4 миллион доллар төлөнгөндүгүн маалымдады

Кыргызстан өткөн жумада "КазТранГаз" компаниясына табигый газ үчүн 4 млн доллар төлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда, "ВБга" вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, өлкө кыска мөөнөт ичинде мамлекеттик мекеме жана жеке компаниялардан 60 миң доллар суммасындагы карызды кайтарып алганга жетишкен.

"Газ өчүрүү коркунучу айланып өттү. Кыргызстан казак тарапка 4 млн доллар карызын төгүп берди, эми кезектеги эле карызы калды", - деди Сарпашев.

Эскерте кетсек, 6-февралда "КазТрансГаз" телефонограмма аркылуу, кыргыз тарап карызын төкпөсө, газ берүү төмөндөтүлөт деп билдиришкен.

Анда "Кыргызгаздын" казакстандык компания алдында карызы 5 млн доллар болсо, АК "Узтрансгазга" – 409миң доллар карыз.

Вице-премьер-министр, "Узтрангаз" тарабынан да газ берүү басаңдатылат деген коркунуч жок, себеби, өзбек компаниясынын алдындагы 2 млн доллар карыз эбак эле төлөнүп, кезектеги карыз гана бар, дейт.

"Кыргызстандыктар кооптонбой эле коюшса болот, өлкөдө газ болот", - деп Сарпашев ишендирди.

Мындан мурун ААК "Кыргызгаз" жетекчисинин орун басары Куралбек Наскеевдин айтымында, жаратылыш газына көпчүлүк учурда мамлекеттик мекемелер төлөбөйт. "Алардын айынан казак тарапка карыз пайда болду", - деген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД