Катуу сабалган бир жарым жашар бала каза болду

Жети-Өгүз районунун ооруканасында катуу сабалган бир жарым жашар бала көз жумду. Бул жөнүндө Ысык-Көл облусунун ИББ пресс-кызматы VB.KG редакциясына билдирди.

Кичинекей баланын апасы 1997-жылы төрөлгөн, турмушка чыккандан кийин күйөөсү менен 2016-жылы эле ажырашып кетиптир. 2018-жылы 12-декабрда Москва шаарына жумуш издеп кетип жатып, кичинекей баласын Светлая Поляна айылында жашаган, 1978-жылы төрөлгөн эжесиникине калтырган.

Тайэжесинин айтканын караганда, 23-декабр күнү болжол менен саат 10до наристе бала шымына сийип койгон. Ал ачуусу келгендиктен бир жарым жашар баланы чыбык менен бир нече жолу чаап сабаган. Андан кийин баланы уктоого төшөккө жаткырып салган. Саат 12де аял жээнин ойготкону барганында, ал оор абалда жатканын көрүп, тез жардам чакырган.

Кичинекей баланы ооруканага алып барышып, реанимация бөлүмүнө жаткырышат. Бирок аны сактап калууга мүмкүн болбоду. Ал эс-учуна келе албастан каза болду.

Айыпталуучу УКЖ жайгаштырылды.

Бул факт боюнча КР КЖК 234-беренесинин 2-б. каралган (Кичинекей баланы кордоого байланышкан зөөкүрлүк) кылмыш иши козголду.

Азыр керектүү экспертизалардын баардыгы жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгынан кийин бул кылмыш иши башка беренеге өзгөртүлүшү мүмкүн.

Жети-Өгүз районунун ИИБ тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Мигрант ата-энелер кичинекей балдарын туугандарына калтырып кеткенден кийин, алардын каза болуп калуусуна байланышкан мындай окуя биринчи эле жолу болгону жок. Эске салсак, жакында эле 6-декабрда, бир нече жолу сабалган эки жашар бала ооруканада каза болгон. Анын апасы да Россияга жумуш издеп кетип жатып, баласын тааныш аялга калтырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД