Солтон-Сары кениндеги абал өндүрүштү токтотууга алып келбеши керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кенинде түзүлгөн абал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын маалында Солтон-Сары кениндеги окуя жана ал жердеги коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматты ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кенен айтып берди.

Өкмөт башчы окуяны тыкыр иликтеп, эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырды.

-Жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулар ортосунда болгон окуялар мекеменин ишинин токтоп калуусуна себеп болбошу керек. Биз тоо-кен казуу тармагында кандай көгөйлөр бар экенин жакшы билебиз, мындан улам аны түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн иштеп жатабыз. Мен мунун баарын жеке көзөмөлүмө алдым. Эгерде инвестор биздин жарандардын талаптарын жана укуктарын буза турган болсо, биз ага тиешелүү чара көрөбүз деп баса белгилеп кетким келет. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгер мындай ар бир окуя үчүн эл мекемени жабуу талабын көтөрө берсе, анда баардык инвесторлор бизден жүзүн буруп кетишет. Турмуш-тиричиликтик абалды саясий окуяга айландырбаш керек. Баардык талаш-тартыш маселелер укуктук негизде чечилиши зарыл", -деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти камсыз кылуу жана инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын эске алуу менен түзүлгөн абалды жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД