Солтон-Сарыдагы тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Солтон-Сары кениндеги "Zhong Ji Mining" Company тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго шилтеме берип билдирди.

Мындай чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Кече күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын облусуна барып, ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктады.

Кубатбек Боронов жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарыла тургандыгын өзгөчө белгилеп өттү. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

-Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат, - деди биринчи вице-премьер-министр.

"Zhong Ji Mining Company" компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып ишин жүргүзүп келүүдө. Солтон-Сары кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Кен чыккан жер татаалдыгы боюнча 4-топко кирет, ал жерде Алтынтөр жана Бучук деп аталган эки участогу бар.

Кенди иштетүүгө уруксат берилген биринчи Лицензия кытай-кыргыз компаниясы "Zhong Ji Mining Company" ЖЧКсына 2009-жылы өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агентствосунун директору Курманалиев К.З. тарабынан берилген.

Кийин лицензия мөөнөтү төмөндөгүлөр аркылуу узартылган:

2011-жылы Эсенаманов Замирбек;

2014-жылы Зилалиев Дүйшөнбек;

2018-жылы Аликеев Сүйүнбек.

Акыркы лицензия 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков жетектеген өкмөт тарабынан берилген.

Лицензия 3228 АЕ "Zhong Ji Mining Company" компаниясына 04.02.2013-жылдан 04.02.2033-жылга чейин Солтон-Сары кенинде алтынды казып алуу боюнча ошол кездеги өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агентствосунун директору Чунуев Ишимбай тарабынан берилген.

Эске салсак, кенге жакын жайгашкан айылдардын тургундары кенди иштетүүнү токтотуу талабы менен чыгышкан. Алар компания өндүрүштүн калдыктары менен жер кыртышын жана сууну ууландырып, анын кесепетинен балдар ооруп, мал кырылып жаткандыгын билдирген. 5-августта жергиликтүү тургундар компаниянын ишин токтотууну талап кылып кен чыккан жерге келишкен. Андан кийин жергиликтүү тургундар менен кытайлык компаниянын жумушчуларынын ортосунда чатак чыгып, 20дан ашык адам жабыр тартып, ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД