Кытайда 4 күндөн бери коронавирус оорусунун рекорддук өсүшү катталууда

Кытай бийлиги коронавирус оорусунун рекорддук өсүшү тууралуу маалымдады. Өлкөдө өткөн суткаларда дээрлик 39 миң 791 жаңы учур аныкталган.

CentralAsia маалымдагандай, алардын ичинен 3 709у - белгилери билинген, 36 082си - белгилери билинбеген учурлар. Мындан тышкары бир адам каза болгон.

Ошентип Кытайда COVID-19ду жугузуу учурлары 311 624кө чейин өсүп, ал эми адам өлүмүнүн саны 5 233кө жеткен.

Өлкөдө төрт күн катары менен коронавирус илдетине чалдыгуунун рекорддук саны катталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД