Чүйдө 66 жаштагы киши көлмөдө балык уулап жаткан жеринен каза болду

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беш-Терек айылында көлмөдө балык уулап жаткан жеринен 66 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал көлмөдө кайык менен балык уулап жаткан учурда белгисиз себептер менен каза болуп, көлмөнүн ортосунда туруп калган.

Жерине ӨКМнын 5 куткаруучусу тартылып, маркумдун жансыз денесин көлмөнүн жээгине чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД