Жеңиш кут болсун! Акжол күмүш, Мээрим коло медаль тагынды

Балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медалына татыды. Финалык беттеште ал упай айырмасында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырып койду. Эсеп 2:1 менен венгер балбанынын пайдасына жыйынтыкталды. Ал эми Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.

Айсулуу Тыныбекова украиналык атаандашын утуп финалга чыкты. Эртең алтын медаль үчүн япониялык Юкако Каваи менен күрөшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД