Ошто көп кабаттуу үйдөн бой таштаганы жаткан кызды милиция токтотуп калды

Ошто Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча МККБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-август күнү болжол менен түнкү саат 04:10 чарамалырында 102 кызматына, "Ош шаарынын Космонавтар багынын алдындагы көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан бир кыз секирүү аракетин көрүп жатат",-деген билдирүү келип түшкөн. Аталган билдирүү келээр замат айтылган дарекке Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн жакынкы экипажы жетип барган. Кызматкерлер барган учурда кыз терезенин кырына чыгып өз жанын кыюууга аракет кылып жаткан.

Милиция кызматкерлери ал жердеги кошуналары менен биргеликте 5-кабатка көтөрүлүп, кыз жашаган үйдүн эшигин бузуп кирип, секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышкан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД