Дайынсыз болуп жаткан Асылбек уулу Бөрүбай табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын тургуну, 1997-жылы туулган Асылбек уулу Бөрүбай Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январь айынан баштап байланышка чыкпай, жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.
Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлеринин издөө иштеринин натыйжасында Асылбек уулу Бөрүбай ата-энесине жана бир туугандарына байланышка чыгып, Россия Федерациясынын Красноярск шаарында экенин билдирген.