Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Өзбекстанда өтүп жаткан Борбор Азия биринчилигинде биринчи жеңишине жетишти.
Мелдеш Фергана шаарында өтүп жатат.
Бүгүн, 18-августта мелдештин 2-турунда кыргыз волейболчулары Тажикстандын курама командасы менен беттешип, тажик спортчуларын ишенимдүү түрдө 3:0 эсебинде жеңип алышты.
Бирок буга чейин кыргыз волейболчулары ушундай эле эсеп менен Казакстандын курама командасына жеңилип калышкан.
Эртең, 19-августта 3-турда кыргыз спортчулары Өзбекстандын волейболчулары менен беттешет.