Өлкөдө коронавирус илдетинин 69 жаңы учуру катталды, 2 адам каза тапты

Бүгүн, 19-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинин 69 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 78 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул илдеттен 2 адам каза тапты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 722 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 189 киши айыгып чыкса, 2 миң 588 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД