Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Жоомарт Оторбаев СИЗОдо кала бер

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев УКМКнын СИЗОдо дагы эки ай калат. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Бүгүн, 24 -сентябрда Кумтөр кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга карата баш коргоо чарасы каралды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Жоомарт Оторбаевге карата камакка алуу баш коргоо чарасынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунда кармоо 30 -ноябрга чейин узартылды.

Которгон Назгуль Абдыразакова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД