Бир суткада 238 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 169, Ош шаары - 15, Чүй облусу - 35, Ош облусу - 5, Талас облусу - 4, Нарын облусу - 8, Ысык-Көл облусу - 26, Жалал-Абад облусу - 15, Баткен облусу - 6 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаары төрт, Чүй, Талас облустарында жана Ош шаарында бирден бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 103 миң 866 киши вируска чалдыгын, 1 миң 788 бейтап көз жумду.