26 жаштагы Алина Абдумомунова изделүүдө (СҮРӨТ)

Ноокен районунда 26 жаштагы Алина Абдумомунова 6-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Алина 2022-жылдын 6-январь күнү саат 8:30 чамасында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен.

Учурда Абдумомунова Алина Эмилбековнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, оронуп алган болушу мүмкүн.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым.

Дайынсыз болуп жаткан Абдумомунова Алина Эмилбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД