УКМКнын жасалма күбөлүгүн көрсөтүп акча талап кылган адам кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери УКМКда иштейм деп, жасалма докуммент менен жүргөн шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 24-январында болжол менен саат 15:45 чамасында Бишкек ШИИББнын "102" кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен дарыканадан акча талап кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1981-жылы туулган У.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол даректеги дарыканалардын биринен белгисиз жаран өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштээрин айтып, белгисиз кызматтык күбөлүгүн көргөзүп, акча талап кылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары 1987-жылы туулган Ж.А. аттуу жаранды кармап, кызматтык күбөлүгүн текшерүү учурунда жасалма экендиги аныкталган.

Кийин кармалган шектүү жаранды Свердлов райондук ИИБнүн Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 379-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД