ЖКда Бишкекке автобус сатып алууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда, ал автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат.

Кредиттик каражаттар эки транш менен бөлүнөт. Биринчи транш боюнча 16 млн евро берилип, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 млн евро бөлүнөт. Насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл. Мындан тышкары ЕРӨБ 8 млн евро өлчөмүндө грант да бөлүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 млн евро каралган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев автобустар кайсы өлкөдөн алынаарына кызыгып, сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов тендер боюнча алты өлкөгө документтер жөнөтүлгөнүн айтып: "Бирок кытайлык эки компаниядан гана сунуш келип түштү", – деди. Ошондой эле депутат Азизбек Турсунбаевдин "Алына турган автобустардын баасы канча?" – деген суроосуна "130 миң доллардын тегерегинде алууну мерчемдеп жатабыз", – деп жооп берди.

Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев электр менен жүрүүчү коомдук унааларды сатып алууга басым жасоо керектигин кошумчалады.

Андан тышкары депутат Балбак Түлөбаев макулдашуунун маанилүүлүгүнө токтолуп: "Бишкекке 2000ге жакын автобус керек. Муну менен катар автобус токтоочу жайларда газ куюучу базаларды да куруу зарыл", – деди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД