Тарыхтын саргайган барактары же тактоого муктаж далилдер

Кыргыз мамлекетинин калыптануусуна зор роль ойногон улуу инсандар.

ХVI к. баш жагында теңир-тоодогу кара-кыргыз урууларынын бирикмесин башкарып турган Ахмед хандын уулу Тагай бийдин заманында Сайф ад-дин ибн дамбулло Шах Аббас Аксикенти жазып кеткен "Мажму-атут-товарих"; Пекин Египед Тунис Кувейт Сомали сыяктуу мамлекеттерден билим алып жети тил билген кытайлык тарыхчы Үсөйүн Ажы; Манастын 18 томун айтып-жазган Кыргыз Республикасынын баатыры Жусуп Мамай; 1922-1944-жж. чейинки ачкачылык-жокчулук кездерде Сагынбай, Саякбай баштаган бардык манасчылардан Манасты жазып калып өмүр тартуулаган алгачкы агартуучу-тарыхчы Ыбырайым Абдрахманов; академик Бегималы Жамгырчинов, биринчи-этнограф Сабыр Аттокуров, чоң окумуштуулар Өмүркул Кара уулу, Кушбек Усенбаев, Сапарбек Закиров; Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов; айтылуу С.М.Абрамзондун "Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер" аттуу китебине санжырасы колдонулган баш-кайыңдылык атактуу инсан Дербишев Кайып анын айылдаштары-замандашатары Ороз болуш кызы Калыйча, Казыбай уулу Абдыкадыр ж.б. акылга бай улуу инсандардын осуят-жазмаларын талдап-тактап бириктирип көрсөк иликтеп-изилдей турган маалыматтар өтө эле арбын.

Ошондой маалыматтардын бири: 1331-ж. Рим крестоносецтеринин регулярдуу армиясынан Стамбул, Никея аттуу шаарларды Осмон императору Орхан Газиге эрдик менен каратып берип евразия калкынан "моголстандын жапайы токой арстандары" деген эң жогорку аскердик атак-наам алган, 1340-ж. ташкенден могол тоосуна чейинки зор аймактарга Моголстан аттуу кыргыз мамлекетин түзүп Ате-Башы /кошой-коргон/ аттуу шаарды борбор кылып турган, 1390-ж. самаркандык Аксак Темир анын уулу Өмөр Шейхтин бириккен 20 миң регулярдуу армиясынын ала-тоосун коргоп шейит кетип сөөгү чеч-дөбө мазарына коюлган кара-кыргыздардын биринчи башкы башкаруучусу, түп атасы, эмир, улуу кол башчы адам-шери атагына арзыган Кулжыгач-төрө уулу Баймурат-черик.

Ошол Баймурат-чериктин бир баласы Ахмед хандан: Ак-Чубак, Бай-Чубак, Дуван-Черик, Кара-Черик, Молдо-Черик, Мухаммед-Бек /санжырада Тагай бий/ аттуу алты бала. Байыркы Орток Түрк адабияты аттуу эмгек Мухаммед-бек менен Мухаммед-кыргызды окшоштурса болот деп жазат. Мухаммед-бек менен Кара-черик жер-суу бийлик-байлык талашып эки жаат болуп согушат. Өлгөн житкендердин эсебин алып жүргөн жоокерлер согуш талаасынан алтын бешикке бөлөнгөн наристени таап алып бийге алып келишет. Бешиктеги тумарды ачтырып окуттурса Жаманак деген жазуу болот. Каза болгон агасы Кара-чериктин аты өчүп калбасын деген Тагай асан чакыртып балага кайрадан Черик деп ат койдурат. Муну менен ал бала эл тарабынан Жаманак-черик аталып калат. 1517-1524-жж. аралыгында Могол ханы Султан Саид менен эркиндик үчүн кармашып келген Тагай бий колго түшүп узак жылдары кашкардагы түрмөдө олтуруп 1533-ж. каза болот. Чыгыш түркстанда турган Жаманак-черик атасы Тагайдын сөөгүн чоң-казатта шейт кеткен Эр Сыргак, Музбурчак манастын 40 чоросунун сөөктөрү жаткан кара-кыргыздардын борбордук көрүстөнү ыйык жер үч-турпанга койдурат. Чогулган калк ээлеринин чечими боюнча атасы Тагайдын чоң үйү менен алтын туусу Жаманак-черикте калат. Дасыккан тарыхчы С.Аттокуров жазып ж.б. айтып келгендей Жаманак бир улуттун ханы болуп көтөрүлөт. Эл-журт коргоп эрдиктердин үлгүсүн көрсөтүп келген улуу кол башчы тууралуу жалпы 40 уруу кара-кыргыздар:

Ай кулагы шака-шак, Айда баатыр Жаманак.

Күн кулагы шака-шак, Күндө баатыр Жаманак.

Оо...Жаманак, Жаманак, Урунаарга тоо барбы

Урушаарга жоо барбы-деген ураан жаратышат.

Теңир-тоо, керме-тоо, ала-тоосунда жашап турган Тагай бийдин ошол уулу Жаманак-Черик ХVI к. аягында каза болот. Аты эле айтып тургандай жалгыз баласы Назар-Бай атасынын сөөгүн үч-турпанга чоң атасы Тагай бийдин жанына койдурат. Санжыра айтып келгендей кырк уруудан турган ушул кара-кыргыздар Жаманак-чериктен кийин жалпы калкка Журт-Атасын тандай албай көп жылдары убара болушат. Уруу-уруу болуп өздөрүнчө түтүн булатып турган кара-кыргыздарды калмак хандары Коң-Тажы, Цецен /1643-1757/ "катуудан казан-жумшактан күл" калтырып чабат. Ырайымсыз кыргынга чыдай албаган солто, саяк, бугу, сарыбагыш, азык, моңолдор ж.б. уруу-уруктар ала-тоосун кара-чериктерге аманат катары таштап куляб менен гиссарга кире качышат. Учу кыйрына көз жетпеген кенен талаада турган казактар калмактарга туруштук бере албай сибирдин ак кайыңдуу токойлоруна чейин сүрүлөт. Эки элде: "казак кайың сааганда-кыргыз кулябга кире качканда" деген тарыхый эл аралык макал ошондон пайда болот. "Си-Юй-ту-чжи" ж.б. маалыматтарда Ашым бий менен Боогачы баатыр, Ногой менен Кончой кыраан, Карагул көкжал менен Онтогор хан, Токтобай бий менен Тоймат шер, Максүт бий менен Сазан баатырлар бир кылымдан ашык ала-тоосунан кетпей калмактар менен жанаша жашап кеси келсе колдоруна курал алып эркиндик үчүн кармашып кырылып турат. 1857/58-жж. Цин кытай кол башчысы Чжао Хой жетектеген регулярдуу армия "миллиондон ашык" калмактарды жер менен жексен кылып кырып-жоюп талкалап ала-тоону кара-чериктерге бошотуп берет. Кытай кыргынына чыдай албаган калмактар адил дарыясынын боюндагы калың камыштардын арасына кире качып аман калышса ысык-көлдүн тоолоруна жашынышкандар сарткалмак деген жаңы ат менен туруп калышат. Окумуштуулар А.Н.Бернштам, В.М.Плоских ж.б. эмгектеринде белгиленгендей 1759-ж. бүткүл кытайды өтө коркунучтуу чечек /оспа/ оорусу каптап өлкөгө кирген-чыккандар мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынат. Ушул эле жылы чыгыш-батыш буруттардын ортосунан Чжао Хойго жолуккан Токтобай бий менен Тоймат шер, Максүт бий менен Сазан баатырлар Пекиндеги Пань-шань Цзинь цзи сарайында турган император Айсиньгьоро Хунлиге черик Кут-Аалы /Ху-та-ли/ аттуу элчисин жиберүүгө руксат алышат. Жугуштуу оорудан коркпой-үркпөй кара-кыргыздардын кызыкчылыктары үчүн Түп-Бээжинге келген Ху-та-лиге император Хунли өзү баш болуп Нань-юань деген жерден сый тамактарды уюштуртуп фейерверк-салют аттыртып урмат көрсөтөт. Натыйжада кыргыз-кытай чек арасы "кашкар чегинен" аныкталып калмактардан качып чыгыш түркстанга тентип кеткен 1000 /миң/ түтүн үй-бүлө 1760-ж. ат-башы нарынга көчүртүлүп келип бир кылымдан ашык токтоп калган улуу жибек жолундагы кыргыз-кытай соода иштери кайрадан жандана баштайт. Эл аралык тарыхка көз салып жүргөн Батыш Сибир генерал-губернатору А.О.Дюгамель 1863-ж. 23. 04. Вице-канцлерге: "...Россия букаралыгына чериктердин өтүшү бөлөк кыргыз урууларына айрыкча сарыбагыштар алардын жолун жолдош үчүн үлгү болушу мүмкүн арийне анда Россиянын чечкиндүү таасири Кашкар чегине чейинки урууларга биротоло таркалаары анык" деп жазат.

Бугу уруусунун баштыгы Бекмурат уулу Боромбай айтып Фон-Герн жазып кеткендей: калмактардан качып куляб менен гиссарда жүргөн Бирназар бий алдуу-шайлуу болгондуктан 1774-ж. кийин ала-тоого биринчи болуп көчүп келип мал-жанга ылайыктуу ээн турган ысык-көлдүн тескей бетин ээлейт. Андан кийин келген сарыбагыш Ниязбек көлдүн күңгөй бетин, саяк Түлкү кетментөбө-суусамырды, солто Эшкожо иле дайрасынын боюнан орун алышат. Такталган тарых ошон үчүн бул уруулардын санын азыр көптүгү ал эми черик уруусунун аз болушу дагы ушуну менен түшүндүрүлөт деп жазат. Ала-тоолук кара-чериктердин жалпы кара-кыргыз урпактары үчүн кара жанын аябаган бул ж.б. зор эмгектери кыргыз бийлеринин курултайында аныкталып - согуш болсо Чериктин баатырлары туу көтөрүп кол баштап, тынчтык мезгилдеги жыйындарда чечендери биринчи болуп сөз сүйлөп топ жарып, сый табакка келгенде бышкан жамбаш менен каржилик кошо тартылып келген ата-баба тарыхы тереңирээк изилденип-иликтенип жогорку окуу жайлар окуй турган китептерге киргизилиши керек!

1854-ж. ысык-көлдүн күңгөй бетин ээлеп турган сарыбагыш Ормон хан аталаш иниси Адыл баатырдын коштоосунда бир тууган кудасы бугу Боромбай бий менен кайниси саяк Алыбектин тобу жашап турган мал-жанга ылайыктуу көлдүн тескей тарабын басып алуу үчүн барып колго түшөт. Уйгур-Кыргыз, Кытай-Кыргыз чегинде турган Ажыбек шер бул кабарды угуп "кара-кыргыз ханга кайыр айткан эмес" Ормондун чымын жанын аман койсун деп көлдөгү бугуларга элчисин жиберет. Элчи барганчакты эле Алыбек жана кээ бир "жети акелер" Боромбайды көндүрүп Ормон ханды Балбайга өлтүртүп коюшат. 1855-ж. пишпектеги кокондун түрмөсүнөн кутулуп келген Төрөгелди көлдүн түп деген жерине коюлган агасы Ормондун сөөгүн аздектеп аш бердиртип ат чаптыртат. Намыстуу чыккан "сегиз бектер" аштан кийин ийри олтуруп түз кеңеш куруп жалдуу барак Ормондун көз жумаарда "Төрөгелди мен десе көлдү үч айланып чапсын" деген керээз кебин жерге ташташбай Субандын уулу Адыл, Ормондун уулу Үмөталы даярдап жүргөн колду жетектеп өөк барак Боромбайдын айлы менен саяк Алыбектин тобун каптап кирет. Туйлаган аргымактын оозун тартып үсөнгүгө бутунун башы менен тура калган Төрөгелди баатыр сүрдүү үнү менен: Боромбайдын айылына тийбегиле кызыбыз Кулан бар-Тилекматтын тобуна тийбегиле какшаалда ажыдаар Ажыбек досубуз бар" деп чакырык таштайт. П.П.Семенов Тянь-Шанский, К.Жусупов, К.Ачыкеев ж.б. бизге жеткен эмгектеринде сарыбагыштардын кызыл кыргын кара сүргүнүнө чыдай албаган бугу уруусу көлдү таштап текес, кыяс, кытай чегине чейин качып мал менен эл кырылат. Жалгыз эле Балбай баатыр заматта 500 саяктын башын алып коёт.

Цин кытай бийлиги көлдөгү бул узакка созулган /1855-1875/ бугу, сарыбагыш, саяк кандуу чабыштарына дабыш чыгарбай көз салып турганы менен "кашкар чегинен долон-ашуусуна чейинки жер-сууга" көз арта баштайт. Бул кабарды кулагы менен угуп курсагы кайнаган тянь-шандык Турдуке менен Карымшак жер-суусун кытайга алдыртып жибербеш үчүн 1863-ж. эрте жазда чеч-дөбө деген жерге курултай чакыртат. Курултайга: чоңбагыш, кутчу, басыз, моңолдор, черик уруулары менен чоросаяк, тынымсейит кичи уруктары катышат. Курултай оң жакка ооп куранды жатка билген Эшкулу олуя менен Ажыбек баатырдын уулу Абыласан датка чагатай тилинде санк-петербургда турган Бүткүл Россия императору Александр-IIге кат жазышат. Улуу жибек соода жолун өз көзөмөлүнө алып туруктуу жашап турган тянь-шандык кара-черик чоң манаптары Турдуке баатыр менен хан Карымшактын кол коюп мөөрлөрүн баскан катына, ала-тоо округунун начальниги А.Г.Колпаковскийдин представлениесине, Батыш сибирь генерал-губернатору А.О.Дюгамель менен Аскер министринин вице-канцлерге жазган сунуштарына терең маани берген Падыша 21-майда Чериктерди Орус букаралыгына толугу менен кабыл алат. Книязь П.Д.Горчаков падышанын бул чечимине кубанып "сүйүнчү телеграммасын" Дюгамельге жиберет. Ошол жылдын 13-октябрында Омск шаарына келген Дюгамель Кара-черик уруусунун Россияга кошулган эл аралык иш-чарасын кээ бир казак султандары армиянын штабында кызмат кылган жогорку чиндеги офицерлердин катышуусунда өткөрөт. Падышанын жарлыгына ылайык Кашкар чегинен Нарынга чейинки жер-суусун толугу менен Россияга /Кыргызстанга/ алып калгандыгы үчүн Тоймат уулу Турдуке баатыр Чоң алтын медал I-даражадагы баркыт чапан Сазан уулу хан Карымшак Чоң күмүш медал I-даражадагы нооту чепкен дагы чериктердин 4 чоң манаптары I-даражадагы нооту чепкендер менен сыйланышып күч-кубаттуу орус империясынын алгачкы граждандарынан болуп калышат.

1864-ж. 23-сентябрда кытайдан Шаа россиядан генерал В.Мединский аттуу комиссарлар Карт-Нарынга келип Чугучак эл аралык протоколу менен азыркы ат-башы району ак-сай өрөөнүндөгү торугарт-ашуусунан кытай-россия чек ара сызыгы аныкташат. Бул эки мамлекеттин иш-чарасы жети атасынан бери келе жаткан кара-кыргыздардын жер-суусун экиге бөлөт. Натыйжада Турдуке баштаган чоңбагыш, черик, кутчу уруулары кытай тарапта ал эми Карымшак баштаган басыз, моңолдор, черик уруулары менен чоросаяк, тынымсейит кичи уруктары россия тарапта калат. Бирок ошол торугарт-тоосунан долон-ашуусуна чейинки россия тарапта калган Карымшактын кара-кыргыздары эли-жеринин экиге бөлүнүп калышы боюнча орус букаралыгына нааразы болуп толкушат. Этнограф С.Аттокуров баса жазып кеткендей: "Хан Карымшактын эли-журту тууралуу кабардар болгон Россия" 1867-ж. токмок уездине биринчи болуп "черикская волость" аттуу орус-кыргыз бийлигин түзөт. Кыргыздар "волость" деген сөздөн "болуш" деген институтту пайда кылышат. 1935-1960-жж. Кыргыз ССР УИА иштеп ат көтөргүс эмгек жумшап кеткен тянь-шандык манасчы Ыбрайым Абдрахманов бул ж.б. тарыхый маалыматтарды дагы бир жолу тактап көрүп:

Тарыткан менен жериңди, Арзан баа кылды эгинди.

Тындырып койгон жайына, Чабышып жаткан элиңди-деп жызып кетет.

Ошол ХIХ к. айтылып-жазылып келген "волость", "уезд" деген сөздөрдүн түшүндүрмөсүн ХХI к. жетишкен илим-билим расмий тилде мындай деп чечмелейт: "-Уезд-территориально-административная единица в Древней Руси, Русском царстве, с 1721 года-в Российской империи, с 1918 года - в РСФСР, с декабря 1922 года - в СССР. В древности уездом называлась совокупность всех волостей, примежёванная к известному пункту-городу или селу. В средние века в состав уездов входили административно-военные районы, называемые "осада". В Российской империи центром уезда служил уездный город, где жил исправник-начальник уездной полиции, и были сосредоточены все уездные учреждения. В процессе административно-территориальной реформы 1923-1929 годов, в Союзе ССР, уезды были преобразованы в районы".

Орус-Кыргыз тарыхы белгилегендей: 1867-ж. токмок, 1868-ж. нарын, 1869-ж. каркол, 1878-ж. жалал-абад, пишпек шаарлары негизделип Ат-Башыдан Жалал-Абадга чейинки аймактарга "Саясий бийликти бекемдөө жана башкаруунун административдик-аймактык органдары" пайда болот. Эл аралык тарых ошон үчүн: впервые правоохранительные органы появились в республике в конце ХIХ века когда Киргизия входила в состав Российской Империи-деп жазат! Уездик Полиция мал уруулукка /жылкы чапмай/ киши өлтүрүүгө кызыл кулактарга каршы жаңыча күрөш жүргүзө баштаганда полиция деген сөздөн чочулап-сезденишкен кыргыздар "токмоктогу кызыл чоктор", "токмоктогу кызыл союлчулар", "токмоктогу кызыл жакалар" деп дагы атай башташат.

Ысык-көлдүк сарыбагыш Ниязбек уулу Ормон хан, бугу Бекмурат уулу Боромбай бий, саяк Кетирекейдин Алыбеги баш болуп баштап кеткен уруулар арасындагы токтобой келе жаткан бул кандуу чабыштарды биротоло тынчытууну максат кылган Сазан уулу хан Карымшак алма-ата шаарында турган генерал Колпаковскийге сунуш киргизет. Натыйжада көлдөгү сарыбагыш, саяк, бугу, моңолдор, сарткалмак ж.б. уруу-уруктарга калыс деп "кичинекей черик тобун" башкарган Тилекматтын уулу Чыныбайды кызматка алып келишет. Көрүнүктүү окумуштуу профессор Б.И.Борубашовдун эмгегинде: Чыныбай болуш 1873-ж. младщий помощник уездного начальника-деген кызматта иштеп турат.

Тянь-шандык чериктер 1863-ж. россияга кошулгандан кийин жалпы кара-кыргыздар кокон, кашкар, цин кытай бийликтеринин баскынчылыктарынан биротоло кутулушат. Экинчиден ысык-көлдөгү уруулар арасындагы кандуу чабыштар орустардын от чачкан замбректеринин күчү менен 1875-ж. барып басылат. Үчүнчүдөн сарыбагыштардын кыргынына чыдабай текес, кыяс, кытай чегине чейин качып барып жүдөп-какап жашап жаткан бугу уруусун ошол "черикская волость" аттуу орус-кыргыз бийлиги падышалык аскерлердин күчүнө салып көлгө кайрадан көчүртүп келет. Төртүнчүдөн "Кыргыз санжырасы" деген китеп белгилегендей тынчы жок сарыбагыштар түн жамынып текес, кыястан көчүп келген бугулардын белдүүлөрүн чет-четинен өлтүрө баштайт көлдөгү ахвал кайрадан курчуйт. Бешинчиден айласы кеткен ошол сары-өзөн-чүйдөгү орус-кыргыз бийлиги көлдүн күңгөй бетин ээлеп турган "сегиз бектерди" 1880-1882-жж. аралыгында Медет датканын кара-кочкорунан Карымшак хандын нарын ат-башы, дөрбөлжүнүнө чейинки зор аймактарга мажбурлап бөлүп көчүртөт. Алтынчыдан туруктуу жерлерин таштап жаңы конуштарга топ-топ болуп көчүп барган кыргыз уруулары толугу менен тынчыйт. Жетинчиден ысык-көлдөн көчүп барган бир боор кыргыздарга жергиликтүүлөр жер-суу бөлүп беришип ачкачылыктан-жокчулуктан сактап жайгаштырышат. Карт тарых: чокойлуу черик чоң болду чоюлган сарыбагыш менен бугу кор болду деген кепти ошон үчүн калтырат.

Чериктердин 1863-ж. падыша Александр-II өз каалоосу менен кошулуп 1917-ж. чейин созулган узак тарыхынын жалпы кара-кыргыз үчүн чоң пайдасы: уруу-уруу болуп жашап биринин канына бири сабын болуп келген ала-тоолук кыргыздар 54 жыл бою россия букаралыгынын курамында бирге турушуп турмуштун ачуу-таттууларын моюндарына кабылдашып бир улут бир журт экендиктерине толук ишенишип өз алдынча мамлекеттик түзүлүштүн алкагын карай токтоосуз биригишет!

Ал эми 1917-1990-жж. чейин экономикасы согуштук күч кубаты илим-билими жогору болгон СССР менен 73 жыл боюу Кара-Кыргыз АО баштап эгемен Кыргыз Республикасына чейинки сыймыктуу тарыхта бирге турат. Азыркы ушул таптагы бардык кыштак айыл шаарлар кичине-чоң ГЭСтер курулуп жалпы кыргыз эли толугу менен илим-билимдин казанасына кирип медицина көкөлөп 1945-ж. 8,5 млн. адамга жеткен армиясы бар фашисттик Германияны жеңет. Ошон үчүн азыркы эгемен Кыргыз өлкөсүндө жашап жаткан кара-кыргыздардын билимдүүлөрү карт тарыхыбызды атайын эле жазбай же үсүп-кесип чаташтырып салбай 7 /жети/ облустан милдеттүү түрдө чогултуп-топтоп буларга колдо бар эмгектерди кошуп жазып мамлекеттүүлүктү калыбана келтирүүгө ак эмгектерин жумшап кеткен Улуу инсандарыбызды даңазалоо керек.

Демек азыркы эгемен Кыргыз Республикасынын көп улуттан турган граждандарына: 1917-ж. 25-октябрындагы /7-ноябрь/ Санк-Петербургда болгон большевиктер партиясынын төңкөрүшү орчундуу окуя болуп эсептелген. Россия-Кыргыз эл аралык тарыхы белгилеп келге жаткандай: 1917-ж. 10-ноябрында РСФСР Ички иштер эл комиссариаты "Жумушчу милиция жөнүндө" токтом кабыл алат. Ал эми 1917-ж. 31-декбарында Бишкек шаардык милициясынын биринчи начальниги болуп Г.Д.Щадилов шайланып 1878-ж. бери кыргызстандын борбор шаары болуп келе жаткан Пишпектеги коомдук тартипти сактоо кылмыштуулук менен күрөшүүгө карата түйшүктүү иш-чарасын баштайт. 1918-ж. 29-январында Ош шаарында жумушчу-дыйкан милициясы түзүлүп Б.Султанов шаардык милициянын начальниги болуп дайындалат. Ош шаардык милициясы Кеңеш өкмөтүнө коркунуч келтирген Мадаминбек, Жаныбек казы, армия башчысы болуп жүргөн Монстров менен күрөшүп-салгылашып катардагы А.Тойчубаев, С.Исматуллаев, С.Михманбаев өңдүү милиционерлер курман болушат.

1920-ж. ноябрь айында РСФСРдин карамагында турган Нарын уездик-шаардык жумушчу дыйкан милициясы тогузторо, дөрбөлжүн, жумгал, кочкор, ат-башы, нарын аймактарын көзөмөлгө алып өздүк курамдын саны 62 кызматкерге жетет. Нарын облустук жумушчу дыйкан милициясынын алгачкы начальнигинин бири тянь-шандык Юсуп Койчуманов аттуу инсан кыргыз милициясынын тарыхына ташка тамга салгандай из калтырып кетет. 1896-ж. туюк-богошту деген жерде туулуп чоңоюп кызыл армиянын катарында кызмат кылып "мөндүрүптүн бузугуна" түздөн-түз катышкан Ю.Койчуманов архивдик материалдарга караганда 1924-ж. 21-апрелиндеги Нарын уезддик-шаардык аткаруу комитетинин Президиумунун №20 токтому менен Нарын уезддик-шаардык жумушчу дыйкан милициясынын /азыркы облустук ички иштер башкармасынын/ начальниги болуп дайындалып 1926 ж. июль айына чейин иштеп турат.

1920-ж. 5-ноябрында батальондун командири мурдагы падышалык офицер токмоктук көпөс Д.Кирьянов жетектеген отряд Ат-Башыдагы контрреволюциячыл ак гвардиячылар, кулактар, соодагер бай-манаптарды кошуп козголоң уюштурат. Козголоңчулар 7-ноябрда Нарын шаарын толук басып алып 23-полктун батальонун анын командалык составын партиялык жана жетекчилик кызматчылардын бардыгын камакка алат. Натыйжада РКП(б)нын уезддик-шаардык комитетинин төрагасы Х.Мусабаев уезддик саясий бюросунун төрагасы С.Орозбеков кызыл аскер Шведов козголоңчулар тарабынан атып өлтүрүлүп 42 партиялык жана советтик кызматкерлерди атып салуу коркунучу пайда болот. Ат-Башы, Нарын, Куланакка падышалык бийлик кайрадан толугу менен калыбына келтирилип козголоңчулар 2 топ болуп Бишкек менен Токмокту басып алуу үчүн шаңдуу жөнөшөт. Козголоңчулардын саны 700дөн ашып кетет. Бул козголоңчуларды басуу үчүн 13-ноябрда Токмок шаарынан эки өзгөчө жана 4 түрүкмөн полктору чыгып 14-ноябрда Шамшы ашуусунун жанында болгон кандуу салгылашуу 22-ноябрга чейин созулат. Кан төккөн бул куралдуу кагылышууга сарт-кечүүдөн чыккан алгачкы революционерлер Айдаралиев Тилебалды, Юсуп Койчуманов, Боогачиев Мамбет ж.б. катышат. Кан төккөн кармашта козголоңчулар жеңилип Д.Кирьянов туткунга алынат. 18-ноябрда Долон-Ашуусунда козголоңчулар менен кызыл гвардиячылар дагы бир нече жолу салгылашууга барып "Мөндүрүптөрдүн" калдыктары 2 миллион сом акча 38 пуд апийим толуп жаткан кездеме алып Чыгыш Түркстандын аймагына кире качып кеңеш өкмөтүнөн араң кутулат. Ошол кездеги Жети-Суу областынын согуштук совети нарындын шамшы менен долон ашуусундагы орчундуу окуяны жыйынтыктап "Бул козголоң Ангилиянын Кашкардагы консулунун жүзү каралык иш аракетинин натыйжасы болгондугун түшүнө баштадык" деп жазат.

Тарыхый маалыматтарды дагы тереңдеп карасак: 1929-1930-жж. нарындан 12 ат-башыдан 315 бай-кулак деп аталган жергиликтүү кыргыздардын алды укаринага аркасы оренбурга чейинки аймактарга айдалып ал эми башка манаптар кытайга кире качып кутулушат. Ушундай эле окуя 1931-1933-жж. кайрадан башталып ат-башыдан 266 үй-бүлө башка аймактарга депортацияланат. Айрыкча дейт тарых...612 чакырымдан ашык кытай менен чек арасы бар Дөрбөлжүн, Нарын, Ат-Башы, Куланак жергесинде жашап турган бай-манаптар жаш совет мамлекетине коркунуч келтирип турушу чекке жетет. Айрым далилдерди көзү менен көрүп турган жергиликтүү калк эки-анжы болуп же комсомол ячейкаларына же бай-манаптарга биротоло кошулаарын толук чече албай чайналышат. Ташкент менен Пишпектеги Кеңеш өкмөтү мындай жагдайды эрте баамдап ошол кезге ылайыктуу болгон облустук ички иштер башкармасынын начальниги Юсуп Койчумановго атактуу манап-басмачылар Абдылда, Кулчун, Сүйүндүк, Мамырбай, Кыдыршаа, Өмүрбай, Осмон, Турсундарды кармап келүүгө катуу көрсөтмө беришет. Ат-Башы, Ак-Сай жайлоолорунда жашап коён жатактарына чейин мыкты билген начальник Юсуп Койчуманов бул басмачылардын башын бириктирбей туруп талкалоону максат кылып а дегенде чоң-айрык, чоң-орток деген жерде өтө эле даяр сак жүргөн манап Чагарак-Куйрук-Чарт-Аяздын балдары Өмүрбай, Мамырбай, Кыдыршаа тең тууганы Осмон баштаган басмачыларды кармоого аттанышат. Топ-топ болуп боз үйлөрдө турган бул басмачылар дагы жөн жатпай туш-тарап менен кабардар болуп шыбырап-күбүрөгөндөрдөн кеп угуп кызыл жакачан Юсуптун жолун эки багыттан тосмой болушат. Биринчисин Өмүрбай, Осмон баштаган басмачылар карагай-черлүү жыланды аттуу жайлоодон экинчисин Мамырбай, Кыдыршаа баштаган басмачылар кабырга-булак деген жерден кароолго алып мерчемдешет. Чоң-айрык суусунун төрүндөгү шар-шаркыратмасы аттуу ашуу жай айында гана атчандарга жол бергендиктен басмачылар ошол ашуу аркылуу кытайга кирип кетүүнү максаттап түн ортосунда жол тартышат. Ал эми начальник Юсуптун жумушчу-дыйкан милициясы сарт-кечүүдөн кеч чыгып басмачыларды колго түшүрүп келиш үчүн чоң-ортоктун тумшугу деген жерге келип эки багытка бөлүнүшөт. 1970-ж. карагайчы Сейтакундун үйүндө жашаган Ороз болуш кызы Калыйча жолдошу чоң манап Мамырбай ж.б. тууралуу айтып берген эскерүүсүн бере кетели. Адам өмүрүнө сапкысы тийген куралчан бул чоң кагылышуулар өлүм-житимди алып келип Мамырбай менен Кыдаршаа баштагандар кызыл жакаларга кичи-айрыктын кыясы деген жерден куржундагы алтын-күмүш оокаттары менен колго түштү. Кийин уксак бир-тууган кайним Өмүрбай менен тең тууганыбыз Осмон баштагандар беш атаар аттуу куралдын күчүнө салып милиция кызматкерлерин жандарына жакындатпай ак-сайды бет алып шар-ашуусун ашып кетишет. Бул кан төккөн кагышуулар тууралуу эртерээк кабар алып камы даяр турган жолдошумдун санаалаштары Абдылда, Кулчун, Сүйүндүк, Турсун баштаган манаптар шашлыш жол-богоштуну түнү менен ашып ак-сайдын тармал-сазына барышат. Кызыл чоктор менен кармашып коркуп-үркүп келе жаткан Өмүрбай, Осмондун колун тосуп алган корбашы Абылда баштагандар чогуусу менен кытайга кире качышат. Басмачылар менен күрөшүүдөгү кетирген кемчиликтери үчүн деп начальник Юсупту НКВД суракка алат. Болжолу 1935/36 жж. кайрадан камакка алынган Койчуманов Пишпектен Москвага алынып кетип дайынсыз болот. 1980-ж. СССРдин борбору Москва шаарында өткөн ХХII жайкы олимпиадада дүйнө чемпиону болуп алтын медал тагынган Мария Кулчунова кадимки начальник Юсуптун өтө жакыны басмачы Кулчундун небереси. Ал эми айтылуу Мамырбай баштаган манаптар колго түшүп нарындагы түрмөгө айдалып келип суроо-сапкыты жок жайлоо-бак деген жерден атылат. Нарын Куланак, Ат-Башыда турган кыргыздардын үй-бүлө мүчөлөрү кийин ал жерди "манаптарды чогулткан көрүстөн" деп атап жашыруун-жабык барышып маркумдарга куран түшүрүп дагы турушат....

1990-ж. Он беш союздук республикалардан турган СССР таркап 1991-ж. Кыргыз ССРи эгемен Кыргыз Республикасы болуп жаңыча кайрадан аталды. 1993-ж. КРнын Ички Иштер Министрлиги "Кыргыз милициясынын түзүлгөн жылын айын числосун" токтом менен аныктап бекитип берүүсүн өтүнүп атайы кат менен Өкмөткө кайрылат. Премьер-Министр "Кыргыз милициясынын 1917-ж. 31-декабрынан башталган карт тарыхына" толук көңүл бөлбөй илимий дарактерге-булактарга толук таянбай тактабай туруп "Кыргыз милициясы 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн жыл сайын 1-ноябрь милициянын кесиптик күнү болуп белгиленсин" деп токтом чыгарып берет. Бул токтом менен Кыргыз милициясынын тарыхы "1917-1924-жж. чейинки" жана "1924-ж. азыркы мезгилге чейинки" деп эки бөлүккө бөлүнөт.

Биринчиден: Орус, Кытай, Кыргыз эл аралык тарыхына терең маани берсек азыркы эгемен Кыргыз Республикасы: "1863-ж. 13-октябрынан 1917-ж. 7-ноябрына чейин Россия империясы, 1917-1990-жж. чейин СССРдин курамында турат. Бул чындыкты тарых илимдеринин доктору профессор академик Б.Джамгерчинов, Кыргызстан КП БКнын I-секретары тарых илимдеринин кандидаты Т.Усубалиев, Союздук маанидеги мамлекеттик ишмерлер Т.Кулатов, Б.Мамбетов, А.Сүйүнбаев, Т.Балтагулов, А.Савитахунов ж.б. "1963-ж. Кыргызстандын Россиянын составына ыктыярдуу кошулгандыгынын 100 жылдык юбилейин" өткөрүп аныкташат. Бул иш-чара СССР боюнча 770 эмгектин алдынкылары менен Мамлекеттик ишмерлер: Н.С.Хрущев, А.А.Суслов, Л.И.Брежнев, Н.В.Подгорный, А.Н.Косыгин, Ю.В.Андропов, К.У.Черненко, Ч.Т.Айтматов ж.б. "В память столетия добровольного вхождения Киргизии в состав России" деген юбилейлик медал менен сыйлашса. Кыргыз ССР Жогорку Совети 1200 кишини грамота ал эми Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы СССР ЖС Президиумунун указы менен Ленин орденине татыктуу болот. Бишкек шаарындагы Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик тарых музейинин ортосундагы: "Монумент дружбы сооружен в честь 100-летия добровольного вхождения Киргизии в состав Росии" деген эстелик тургузулат.

Экинчиден: бул эл аралык иш-чарага чейин эле 1962-ж. Кыргыз ССРи: 1855-ж. 17-январындагы "Ысык-көлдүк" жана 1863-ж. 13-октябрындагы "Тянь-шандык" кыргыздардын кимиси Россияга чыныгы документтер менен кошулган жана ал документтердин кайсынысы эл аралык мааниге ээ экендигин аныктоо боюнча ич-ара илимий багытта изилдөөлөр башталат. Жыйынтыгында: 1863-ж. 13.10. Чериктер менен Россиянын эмгектери эл аралык мааниге ээ экендигин окумуштуу-тарыхчылар толук аныктап 1963-ж. 18,22,23-январында Кыргызстан КП БКтинин "совершенно секретно" деген заседаниеси өтүп №3/П протоколу менен кошо бир нече өкмөттүк чечимдер кабыл алынат.

Үчүнчүдөн: СССРдин убагындагы ушул ж.б. чечимдерге 40 жыл убакыт болуп калганда 2003-ж. тарых илимдеринин кандидаты Т.Н.Өмүрбеков: "Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду /ХIХ к. ортосу- ХХ к. башы/ жана Боромбай" деген эмгектерди жазып "бугу уруусу 1855-ж. 17.01. Россиянын составына кабыл алынбагандыгын" россиянын башкы архивдик документтерине таянып аныктап докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактайт. Ошол диссертациялык эмгекте: Батыш сибирь генераль-губернатору П.Д.Горчаков Бугу уруусун Россияга кабыл алуудан баш тарткандыгын Орус Өкмөтүнө мындайча түшүндүрмө кат менен билдирет. ...Мен өзүм тараптан Бугуларды Орусиянын карамагына кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок деп ойлойм, аны иштиктүү чаралар менен колдоо үчүн мага ишенип тапшырылган Корпустун азыркы санынан кыйла көп аскер ыкмалары талап кылынат...ошондуктан элчилерди ошол жазган каты өтүнүчү менен Падышага жөнөтүүдөн четтетүүнү туура көрдүм-десе. Ал эми бул маселеге кийинчерээк орус императору Николай-I дагы дал ушундай мамиле кылган экен деп профессор Т.Өмүрбеков 1844-1863-жж. россия империясынын башкы архивиндеги документтерге таянып "1855-ж. 17.01. бугу уруусу россиянын составына кабыл алынбагандыгын" так жана далилдүү кылып берет.

Мындай болгондо тарых илимдеринин доктору-профессор Ө.Осмоновдун 2014-ж. алтынчы жолу оңдолуп жарыкка чыккан эмгеги жана Университеттер именен Институттарда жакталган илимий диссертациялар эмне дейт: 1854-ж. Ормон ханды өлтүргөн Боромбай бий "сарыбагыш, саяк, бугу" кыргынынан кутулуунун бирден-бир ылаажасы катары Россиянын составына кошулуу үчүн жиберген элчиси 1854-ж. 26-сентябрында Омск шаарына жетет. Арадан төрт ай өткөндө же 1855-ж. 17-январында бугу уруусу россиянын составына "өтүү жөнүндө" жана "өткөндүгү жөнүндө" куран кармап эки жолу ант берген деп жазышат. Аталган эмгектер: биринчиден 1844-1863-жж. Россия империясынын Башкы архивиндеги документтерди; экинчиден СССР, Кыргыз ССРинин 1963-ж. Кыргызстандын Россиянын составына ыктыярдуу кошулгандыгынын 100 жылдыгынын урматына карата кабыл алынган эл аралык маанидеги мамлекеттик тарыхый чечимдерди; үчүнчүдөн тарых илимдеринин доктору Т.Өмүрбековдун 2003-ж. жарык көргөн илимий диссертациялык эмгектерин эсепке алышпаптыр.

Тарых келечекке көпүрөө деген тянь-шандыктардын кебинде чындык бар болсо анда дагы бир эки маалыматтарды кошо кетели. 2000-ж. Кыргыз Республикасынын тарыхы, 1999-ж. Нарын облусу энциклопедиясы аттуу эки китепте: 1757-ж. сарыбагыш, саяктардан Черикчи бий, Ныша бий, Турду бийлер калмак чапкынынан кийин кытайга элчиликке барышып территория маселелерин дагы чечип келишкен экен дейт. Бирок ошол бабаларыбыз ким менен чек араны чечкендиги боюнча так ачык маалымат жок. Кызыгы ушул ошол окумуштуулар эмнегедир черик элчиси Кут-Аалынын /Ху-та-линин/ кытайга барып кыргыз-кытай чек арасын кашкар чегинен аныктап келген жогорудагы тарыхый маалыматтарын атайы эле унутта калтырышат. Ал эми 2004-ж. Жумгалдан чыкан даанышман же Байзак баатыр жөнүндө сөз аттуу китептип автору окумуштуу С.Байгазиев: Байзак баатыр орус-кытай чек арасын ак-сайдагы торугарт-ашуусунан аныктап ошол эле учурда жалал-абадга чейинки чек араны Шабдан менен кеңешип бөлүп падышадан сыйлык алган дептир. Окумуштуунун эмгегине жана эл-оозундагы кээ бир маалыматтарга толук ишенишкен кыргызстандыктар айрыкча жумгалдык бир-туугандар ак-сайдагы торугарттан кыргыз-кытай чек арасын Байзак баатыр бөлгөн деп ишенчтүү кылып айтып жүрүшөт. Бирок 1863-ж. кашкар чегинен долонго чейинки Чериктер жогорудагыдай оор шартта Россияга кошулушуп натыйжада кайырмалык Байзак кеминдик Шабдан бабаларыбыз алма-атада турган генерал А.Г.Колпаковский менен нарында турган хан Карымшакка баш ийип торугарт-ашуусунан жалал-абадга чейинки чек ара 1864-ж. Чугучак эл аралык протоколу менен аныкталып-такталган эл аралык тарыхтар эсепке алынбай жазылбай келет.

Демек уйгур-кыргыз, кытай-кыргаз чек арасын кашкардан коруп, куртка-бегин эки жыл бою анжиян-бегинен кошумча 700 сарбаз сурап турганга мажбурлап, курултайга жетекчилик кылып Ормонду хан шайлап, Кененсарынын 20 миң колуна карта кыргыздын ыйык туусун көтөрүп адам-шери атагына арзыган Токтобай уулу Ажыбек баатыр. Токмок уездине биринчи түзүлгөн "черикская волость" аттуу орус-кыргыз бийлигин кынтыксыз башкарып нарын шаарын негиздегенге зор рол ойноп Ормон хан, Боромбай бий, Алыбек баатырлардын кандуу чабыштарын орус достору менен акылга салып токтоткон Сазан уулу хан Карымшак. Көлдүн түп деген жерин ээлеп турган Ниязбектин уулу Ормон хан шайланганда "сарыбагыш уруусунан биринчи болуп кызыл тебетей кийдиңиз кара-кыргызда айтат хан тукумун кайырчы дейт каадасын билбей эл башкарсаң эли журтуңду айылчы дейт" аксак менен тексекке бирдей болуңуз деген курултайдагы алгачкы куттуктоо сөзү кийин турмушта төп келген Эшкулу олуя ж.б. тянь-шандык улуу инсандарды 2014-ж. Кыргызстан тарыхы аттуу окуу китептен издесеңиз дагы таппайсыз.

Кезегинде өз ата-бабамдын тарыхын жазам өзгөнүкүн жазбайым деген жаман адатты окумуштууларга үйрөтүп кеткен "Кыргыз Мамлекеттүүлүгү жана "Манас" элдик эпосу" жана расмий тилде жазылган Независимая газета независимых мнений. Русская Америка "Двадцать два века: молодость древней земли" деген эмгектер эсептелип келет. Ушул эки эмгекти окусаңыз уйгур-кыргыз, кытай-кыргыз чек арасын ХI-Х кк. баштап коргоп келген: Кара хан мамлекетиндеги чигили аттуу жергиликтүү кара-кыргыздар, ХIV к. ташкенден могол тоосуна чейин зор аймактарга Моголстан аттуу кыргыз мамлекетин түзгөн улуу кол башчы Баймурат-черик, ХIХ к. кашкар, үч-турпан нарынга чейинки зор аймактарды ээлеп турган Ажыбек-Шер, Карачунак-Атамбек, Зор-Калча, Көкбет-Татыбек, Тартак-Мамет баатырлар менен Айдарбек датка аттуу тарыхый инсандардан дайын жок. 1856, 1858-жж. кашкарга чейин эки жолу келген орус окумуштуусу Ч.Валиханов өз эмгегине: какшаал дарыясын бойлоп көчүп жүрүүчү Чериктерди кашкар шаарынын акими алдаганда соодагер сарттардын бирин кармап алып башына чалма ороп мына силерге кожо деп Туфан дарбазасына алып келишкен. Бул кыргыздардын көтөрүлүшүн жыл сайын берилүүчү Кытай өкмөтүнүн ардактуу сыйлыгы "кызыл топчу" мансабы гана токтото алган. Ошол кокондук кожолор келгенде чериктер аларды жок санашып буйруктарын аткарышпай тургандыгын айрыкча белгилөөгө арзыйт деп жазган. Демек эл аралык тарых белгилегендей ХI к. бери эле уйгур-кыргыз, кытай-кыргыз чек арасын коргоп келген ушул ж.б. жогорудагы тянь-шандык улуу инсандардын тарых-таржымалдарын мектеп окуучулары жогорку окуу жайлардагы студенттер жана чет элдик жарандар окуй турган китептерге тезинен киргизип окумуштуулардын "чек ара тилкесинде турган теңир-тоолуктарга карата жазап келген бул ж.б. өгөйлүк мамилесин" жоюш үчүн КР УИА менен КР Илим билим министрлигинде талкуу уюштуруп азыркы жаштарды чын тарыхкка багыттап окутуу аба менен эле суудай керек болуп турат.

Дагы бир тарых боюнча талаштын чечилбей келе жаткан түйүнү: 1993-ж. КРынын Өкмөтү "Кыргыз милициясы 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн жыл сайын 1-ноябрь милициянын кесиптик күнү болуп белгиленсин" деп бекитип берген токтому эсепке кирет.

Өкмөт аталган бул токтомду кабыл алыш үчүн: 1924-ж. 21-октябрында Ревком уюштурган администрациялык бөлүмдүн башчысы ат-башылык Ы. Тойчиновдун ККАОнун облаткомунун пландоо комиссиясына облмилиция иш жүзүндө 1924-ж. 1-ноябрынан тарта иштей баштады деп жазган билдирүүсү негиз болуптур. Бирок Кыргыз Өкмөтү менен ИИМ иштеген мамлекеттик кызматкерлер мындай чечимди биргелешип кабыл алышканы менен төмөндөгүдөй карт тарыхтын саргайган барактары жоголуп кетпей эл аралык мааниде сакталып калганы кызык. Ал табылып-топтолгон маалыматтарды ирээти менен бере кетели:

1).Россия империясы 1863-ж. өзүнүн составына Кыргыз-Журтун кабыл алгандан кийин саясий бийлигин бекемдөө жана башкаруунун административдик-аймактык органдарын аныктоо максатында 1867-ж. Токмок уездине биринчи болуп "Черикская волость" аттуу орус-кыргыз бийлигин түзөт. Бул бийликке Уездик Полициянын начальниги менен жаңы шайланган Кыргыз болуштары баш ийип турушат. Уездик полиция 1917-ж. чейин же тактап жазганда 50 жыл кыргыз элине кызмат кылат. ХVIII к. Россияда пайда болгон ошол полиция деген сөз 1917-жылы милиция деген сөз менен алмаштырылат;

2).РСФСР ички иштер эл комиссариаты 1917-ж. 10-ноябрында "Жумушчу милициясы жөнүндө" токтом кабыл алат. Аталган мыйзамды убагында ККАО, Кыргыз ССРи, эгемен Кыргыз Республикасы же тактап жазганда Премьер-Министр 1993-ж. "Кыргыз милициясы 1924-ж. түзүлгөн" деп токтом чыгарып бергенге чейин аткарып турушат;

3). 1878-ж. бери жалпы кара-кыргыз журтуна борбор болуп келе жаткан Пишпекке 1917-ж. 31-декабрында Бишкек шаардык милициясы түзүлөт;

4).1918-ж. 29-январында Ош шаардык жумушчу-дыйкан милициясы ишке кирип ал аймактардагы коомдук тартипти чыңдоону өз колуна алат;

5).1920-ж. ноябрь айында РСФСРдин карамагында турган Нарын уездик-шаардык жумушчу дыйкан милициясы 62 штаттык бирдик менен кытай-россия чек ара сызыгы болгон торугарт-ашуусуна чейинки аймактарды көзөмөлдөй баштайт.

Россия, СССР, Кыргыз ССРинин тарыхында НКВД деген кыскартылган сөз бар. Ал сөздү чечмелесек "Народный комиссариат внутренних дел" деп аталат. Ошол 1917-ж. 10-ноябрындагы РСФСР кабыл алынган токтомун СССРдин НКВДсы жетекчиликке алып Өлкөнүн "ички" тартибин коргоп келсе ошол эле өлкөнүн "сырткы" тартиби менен 1954-ж. 13-мартынан баштап КГБ аттуу кызмат иштей баштайт. Демек СССР ИИМ карамагында турган Кыргыз милициясынын түзүлгөн тарыхы эмнегедир азыркы КР УКМКнын түзүлгөн тарыхынан кичүү болуп турат. Ошол эле НКВД деп кыскартылган сөздө "внешных дел" деген сөз жок "внутренних дел" деген сөз бар. Бул эл аралык тарыхты кыскача жыйынтыктасак: 1863-ж. баштап Россиянын курамында турган Кыргыз-Журтунун ички тартибин 1867-1917-жж. чейин падыша өкмөтүнүн Уездик Полициясы ал эми СССРдин курамындагы Кыргызстандын ички тартибин 1917-ж. 31-декабрынан баштап 1993-ж. чейин Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт.

Чындыкты колдонсок 1917-1924-жж. аралыгындагы коркунучтуу кылмышкерлердин элге каршы аткан окторуна өз көкүрөктөрүн тосуп курман болгон милиция кызматкерлеринин 7 /жети/ жылдык тарыхын Премьер-Министрдин 1993-ж. кабыл алган токтому эсепке киргизбей эсепке албай жол ортосуна таштап салганы өтө эле өкүнүчтүү. Кыргызстандыктар мындан ары "Кыргыз милициясы 1924-ж. түзүлгөн" деп кабыл алган өкмөттүн чечимине баш ийип калышса анда Мамлекеттик мааниге ээ Кыргыз Милициясынын жалпы тарыхы Бишкек шаардык милициясынан тарыхынан 7 жылга, облустук маанидеги Ош шаардык милициясынан тарыхынан 6 жылга, Нарын шаардык милициясынан тарыхынан 4 жылга кичүү боюнча калат. Демек мындай болгондо Кыргыз милициясы 1924-ж. түзүлгөн-деп жарыкка чыккан токтом "илимий далилдерди аныктоонун эрежесин" оройлук менен бузган деп эсептөөгө болот.

Эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхына кээде таң болосуң: 1867-ж. токмок, 1868-ж. нарын, 1869-ж. каркол, 1878-ж. жалал-абад, пишпек шаарлары негизделген деп мурдагы падышалык россиянын маалыматтарына баш ийип жыл сайын "шаарлардын туулган күндөрүн" майрамдап келе жатабыз. Ал эле эмес 1878-ж. Жалал-Абад шаары негизделген деп өткөн жылдары эгемен өлкөбүздүн орденине татыктуу болдук. Эң кызыгы анда эмне үчүн 1993-ж. иштеп турган КР Премьер-Министри менен КР ИИМги биринчилерден болуп 1867-ж. падышалык өкмөттүн токмок шаарына түзгөн Уездик полициясынын 1917-ж. чейинки тарыхын Кыргыз милициясынын жалпы тарыхына кошуп эсепке алышкан эмес.

Эгерде ошол Өкмөт башчы, Министр ж.б. жооптуу мамлекеттик кызматкерлер кыргыз милициясына тийиштүү 50 жылдык бул тархты эсепке алгысы келишбесе анда РСФСР 1917-ж. 10-ноябрындагы "Жумушчу милициясы жөнүндөгү" токтомун же болбосо 1917-ж. 31-декабрындагы Кеңеш өкмөтү Бишкек шаарына уюштурган алгачкы милициянын карт тарыхын жетекчиликке жана эсепке алышы керек эле. Бирок ошол жетекчилер эл аралык мааниге ээ жогорудагы карт тарыхтын барактарын атайы эле унутта калтырышып "1924-ж. 1-ноябры Кыргыз милициясынын туулган күнү" деп чечим кабыл алышканы кызык.

Окурманга толук түшүнүктүү болуш үчүн бир аз бул маалыматтарды чечмелей кетели. Биринчиден: 1917-ж. 10-ноябрындагы "Жумушчу милициясы жөнүндөгү" кабыл алган токтом 15 Союздук Республикалар менен анын ичиндеги Кыргыз ССРи баш болуп жалпылап ишке ашырып аткарып келген мыйзам. Экинчиден: СССРдин курамындагы Кара-Кыргыз АОнун администрациялык бөлүмү: "Облмилиция иш жүзүндө 1924-ж. 1-ноябрынан тарта иштей баштады" деп жазган каты жогорудагы Токтомдой күчкө ээ эмес катардагы эле иш-кагаз болуп эсептелген.

Демек КР Премьер-Министри "Кыргыз милициясынын туулган күнүн" аныктоо боюнча "Облмилиция иш жүзүндө 1924-ж. 1-ноябрынан тарта иштей баштады" деп жазган катты негиз кылса анда 1924-ж. 14-октябрында Кара-Кыргыз АО түзүлгөн күндү Кыргызстанга биринчи келген Эгемендүүлүк күн деп эсепке алып азыркы Өкмөттүн токтомун чыгартыш керекпи.

Андай болсо 1936-ж. 5-декабарында Кыргыз АССРи кайрадан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп атылып 15 Союздук республикалардын катарында туруп өз алдынча Конституциясын кабыл алып жыл сайын 5-декабрь эркиндиктин күнү катары майрамдалып келген тарыхый далилдерибизди кайда калат.

Көп жерди көптөгөн элди көрүп келген кара-кыргыздар укмуштуунун төөсү жорго дешет. Анысы сыңарындай санжыра менен тарыхты бурмалап келген кыргыздар тууралуу 1995-ж. эле өз оюн билдирип кеткен чынчыл кайратман чечкиндүү тарыхчы Сабыр Аттокуров "көбүртмө" маалыматтардын көзүн ачып "өрдөк" учурмайларды өрт өчкөндөй басыш керек деп жазып кеткен кортундусу 30 жылдан бери ката жазылып же атайы эле жазылбай келе жаткан айрым бир тарыхтын далилдерин тактоого түздөн-түз кереги тийгени турат окшойт.

Демек жогорудагы маалыматтарды жыйынтыктасак Кыргыз Милициясынын 1917-жылдан 1924-ж. чейинки карт тарыхын тезинен эсепке алып жогорудагы кабыл алган Премьер-Министрдин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип ата-мекенибиздин тагдыры үчүн "жакшы турмушка жетип жакшыраак кийинип жакшы тамак ичип укум-тукум улабай кызмат үстүндө жыртык өтүгү биттеген көйнөгү менен бандиттердин колунан мерт кеткен" милиция кызматкерлеринин Улуу муундары тууралуу тарых-таржымалдарды кайрадан калыбына келтирилсе анда алардын арбактары урпактарына ыраазы болоору шексиз!

Кадырлуу Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Садыр Нургожоевич эгемендүүлүктү алганыбызга Өзүңүз белгилеп кеткендей 30 жыл убакыт болду. Кара-кыргызда: "коёндун териси бир жылга чыдайт дейт" биздин ж.б. чыдаганына 30 жыл толду. Ооба жаңы эркин Мамлекет жаңы Өлкө куруудагы иштеген иштерибизде жазган тарыхыбызда айткан кебибизде адашуулар көп. Аны көзүбүз менен көрүп акылыбыз менен туюп жатабыз. Бирок ошол адашкан тарых барактарын 30 жылдан бери тактап оңдоп толуктап өз ордуна койгондун ордуна ошол каталарды кайра-кайра баса жазып окуу китептерди басмаканалардан кайра-кайра чыгарып мектеп окуучулары менен жаш студенттерди калтыс маалыматтар менен окутуп келе жаткан далилдерибиз арбын.

Өзүңүз баш болуп Мамлекеттик структуралардагы коррупцияны тазалап жаткандыктан айрым бир өңү саргарып калган тарых барактары дагы тазалансын атайы эле жазылбай келе жаткан тарых барактары толукталып кайрадан жазылсын деген үмүт биздин жүрөгүбүздөн кетпей турат. Кырк уруу кара-кыргыз элинин санжыра-тарыхын жазып жатканда: тарых изилдөөчүлөр же тарыхка кызыккан санжырачылар тийиштүү маалыматтарды адашып жазып алышы толук мүмкүн. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясында Өкмөттүн составында иштеп жаткан Мамлекеттик кызматкерлер жана Улуттук илимдер академиясы тарабынан окумуштуулук даражасын коргоп колуна күбөлүк алган атуулдар "уруунун балдары болбой алар улуттун балдары болуп калышкандыктарын" унупоосу керек. Себеп даңктуу жана даңазалуу Мамлекетибиз менен Кара-кыргыз тарыхына кошуна чет өлкөлөр ашыктык менен көз салып тургандыгын байкап дагы унутпай дагы турушубуз абзел. Теңир-тоолуктар бул чогултулуп жазылган маалыматтар менен бирөөлөрдү каралап өзүбүз мактаналы деген жаман ойдон алыспыз. Бирок ошол өткөн мезгилдердеги зар заманда Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна чыныгы зор рол ойноп кеткен тарыхый улуу инсандар Тоймат уулу Турдуке баатыр менен Сазан уулу хан Карымшактардын ак эмгектеринин арты акжолтой болуп СССРдин курамында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы түзүлүп анын право премниги азыркы эгемен Кыргыз Республикасы экендигин карапайым элибиз үсүп-кесип калп жазган маалыматтардын айынан жакшылап аныктап биле албай келе жатышат.

Кадырлуу Президент мырза өзүңүз жакшы билгендей "өлгөндү даңазаламайынча тирүүнүн иши оңолбойт" деген ата-баба ураанын ар-бир кыргыз жүрөгү менен сезип туу кылып көйнөгүнүн ичине көрсөтпөй катып жүрөт. Сиздин темир тор артында олтуруп жазган: "Саясатка аралашкан он жыл /Документалдуу баян/" деген кол эмгегиңизди дагы бир жолу барактап биз тянь-шандык ардагерлер ой-чуңкурга мүдүрүлүп толкубай ата-баба мурасын аздектеп чындыкты издеп адегенде эгемен Кыргыз Республикасынын катардагы атуулу катары жана өз Конституциялык укуктарыбызга түшүнүү менен мамиле кылып Кыргыз мамлекетинин калыптануусуна зор роль ойногон жогорудагы улуу инсандар тууралуу тарыхтын саргайган ушул ж.б. барактарын Өзүңүзгө билдирелик деп чечтик.

Тарыхтын саргайган барактары тазаланып тактоого муктаж болгон маалыматтар өз ордуларына келсе көз каранды эмес мамлекетибиз бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып-ата-баба мурастарын чындыктын жүзү менен дүйнөгө даңазаласак деген ишенич менен кыргыз-кытай чек арасында жашап келген күжүрмөн элдин жөнөкөй урпактары Сиздерди урматтайт жана жооп күтөт!

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Тарых жана маданий мурас инсититутунун" илим изденүүчүсү, Нарын облусунун ардактуу атуулу улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, ардагер Каныбек Бокоев


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД