Бир суткада 459 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 183, Ош шаары - 73, Чүй облусу - 70, Ош облусу - 70, Талас облусу - 6, Нарын облусу - 1, Ысык-Көл облусу - 19, Жалал-Абад облусу - 34, Баткен облусу - 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2 бейтап көз жумду.
2020-жылдын март айынан бери 108 миң 173 киши вируска чалдыгып, 1 миң 864 бейтап каза болду.