Кулов парламенттеги көпчүлүк коалициянын төрагалыгынан кетти

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициянын төрагалыгынан өз ыктыяры менен кетти. Бул тууралуу ал фракциянын жыйынында билдирди.

Кулов мындай чечимин Бишкек шаар кеңешени болгон шайлоо таза болбогондугу менен байланыштырды.

“Коалицияга мүчө партиялардын аракеттерине карабастан Бишкектеги шайлоонун акыйкаттыгына жетүү мүмкүн болгон жок. Көптөнөе мыйзам бузуулар болду жана алрадын алдын алууга мүмкүн болгон жок”, - дейт депутат.

Анын айтымында, шайлоодо бюллетендерди дүңүнөн таштоо, “карусель” фактылары жана байкоочуларды өз ишин аткарууга жолтоо болуу сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуулар катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД