"Мекендештер" форумунда Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүн айтышты

Экономика боюнча эксперт Азамат Дикамбаев бүгүн, 3-августта, "Мекендештердин" форумунда Кыргызстандын экономикасы аксатып жаткан негизги үч көйгөйдү санап берди.

"Жеке менчик институту араң эле турат",-деп баштады А.Дикамбаев. Анын айтымында, инвестор менен жарандар инвестиция кылышпайт, себеби, аларда бизнести эртең тартып алат деген күдүктөнүү бар. Эксперт жеке менчикти басып алуучулар менен күрөшүүгө кеңеш берди.

Анын пикири боюнча, дагы бир көгөй, келишим институту чабал, андыктан күчтүү сот системасы зарыл. А.Дикамбаевдын пикиринде, ал Кыргызстанда бардык келишимдер акыйкат түрдө каралат деген кепилдик бере албайт.

Дагы кошумча иретинде ал биздин өлкөнүн экономикасы дүйнөлүк интергацияны айланып өтө албайт деп, аэропорттордун базасында сервистик борборлорду түзүүгө кеңеш берди.

Эксперт банктарда маалымат алууга болгон мүмкүнчүлүктүн минималдык стандарттарын көтөрүү керектигин да айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД