НТС: "Ата-Мекенчилердин" кылган кылыктары биз үчүн чон табышмак

"Ата-Мекенчилердин" кылган кылыктары биз үчүн чон табышмак, деп бүгүн, 28-сентябрда, НТС телеканалынын башкы редактору Айдай Ивакова "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, 26-сентябрда депутаттар Бишкек шаарында 2010-жылы 7-8-апрелинде болгон талап-тоноо фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын отурумунда, НТС каналанын журналисттерин эшикке чыгарып жиберишкен. "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов, комиссиянын отурумун прессасыз эле өткөрүүнү айтып туруп алган.

Ивакованын айтымында, отурумда НТС каналынан башка маалымат агенттиктеринин журналисттери да отурушкан. Айтымында, башкы прокуратуранын өкүлүнүн отчетунан кийин, Калмаматов жана комиссиянын курамындагы Наталья Никитенко, НТС каналынын журналисттерин чыгып кетишин талап кылышкан. Алар маалымат иликтөөнүн жүрүшүнө тоскоол болот деп шилтеме берип туруп алышкан. "Муну менен катар башка ЖМКнын журналисттери тууралуу сөз айтылган эмес", - дейт Ивакова. Комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү НТСтин журналисттерин колдошкон, бирок "Ата-Мекенчилер" маселени кабыргасынан коюп туруп алышкан. "Бул маселе 2 саат бою талкууланды. Анын үстүнө биз комиссиянын ишине тоскоол болууну каалаган жокпуз. Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов дагы бул маселе боюнча бизге өзү кайрылды",- деди ал.

"Калмаматовдун жана Никитенконун кылгандары биз үчүн чон табышмак. Алар каналды экс-премьерге караштуу деп дайым айтып келишет.Биз кандай жол менен маалыматты башкача бере алмакпыз, түшүнгөн жокмун",- деди редактор. Анын айтымында, комиссиянын иши, мародерчулук тууралуу НТС каналы ар дайым так маалымат берип келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД