Атажурчулардын адвокаттары камактагы жактоочуларынын күнөөсүз экенине ишенет

Бийликти күч колдонуп басып алууга шарт жок болчу. Митингчилерде курал болгон эмес. Мындай билдирүү менен Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов, Кубатбек Кожоналиевдин адвокаты Азизбек Турдалиев жана Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икримидин Айткулов маалымат жыйында билдиришти.

Токтосуновдун айтымында 24-сентябрда Жапаров мэрияны жана бийликти митинг болору тууралуу эскерткен. "Садыр Жапаров өз сөзүндө бийликти басым алууга чакырган эмес. 3-октябрда аны МУККга чакырып, 4-октябрдын таңкы саат 4кө чейин аны камакка алуу боюнча санкция чыгарган. Саат 8де мен жактоочума бардым. Биз прокурордон видео тасмада бийликти күч колдонуп басып алууга чакырыктар болгонбу? Жапаровдун куралы бар беле? Ал темир тордон ашып өткөнбү? деп сурадык. Алар андай жок дейт. Анда кайсыл күч колдонуп бийликти тартып алуу тууралуу сөз болуп атат", - деп суроо салат адвокат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД