Сокулук районунда машина 7 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ИИББинин басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-ноярда болжол менен саат 16.00 чамасында Жайыл районунун Кара-Суу айылынын 23 жаштагы жашоочусу “Мазда 626” үлгүсүндөгү машинаны Бишкек-Ош жолунун 14-чакырымында айдап баратып 7 жаштагы баланы сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен, өспүрүм жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда жабыр тарткан баланын ата-энеси такталууда.