Токмокто 12 жаштагы баланы машина сүзүп кетти

Токмокто 12 жаштагы баланы машина сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ИИББнин басмасөз кызматы билдирди.

Шейшемби күнү 13-ноябрда болжол менен 18.00 чамасында Токмок шаарынын Дунларов көчөсү менен келаткан кара түстөгү джип машинасы 12 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен өспүрүм бала денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Иликтөө иши жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД