Сох анклавында барымтага алынган бардык кыргызстандыктар бошотулду

Сох анклавында барымтага алынган бардык кыргызстандыктар Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 7-январда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлигинин командачысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев "ВБ"га билдирди.

Канча адам бошотулганын Мамбеталиев тактаган жок. Бирок анклавда бир да кыргыз жараны калбаганын белгиледи.

"Бул окуяга кыргыз чек арачылары күнөөлүү деген туура эмес", - деп ал Өзбекстандын чек араны коргоо комитетине жооп катары айтты.

Эскертсек, коңшу мамлекеттин атайын кызматы аталган окуяга Кыргызстандын чек арачылары күнөөлүү деп билдирүү тараткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД