Эрнест Абдыжапаров «До+Фа=Любовь» аттуу музыкалык комедияны кѳрсѳтѳт

Эрнест Абдыжапаров жакын арада "До+Фа=Любовь" аттуу жаңы музыкалык комедияны элге сунуш кылат. Кыргыз кинонун мэтринин айтымы боюнча, идея Ecarecords студиясына таандык. Кѳрүүчүлѳр башкы ролдордо кыргыз эстрадасынын мегажылдыздарын - Мирбек Атабековду, Чолпонайды, Бактыгул Бадыеваны, Арсенди жана башкаларды кѳрѳ алышат. Ошондой эле Тамашоунун куудулдары комедияда катышышат. Мисалы, Самат Эркинбеков, "Aк-ѳргѳ Сity" командасынын капитаны башкы эркектин ролун аткарат.

"Съемкалар январь айынын башында башталган. Фильмдин премьерасын март айынын башына пландаштырып жатабыз", - дейт Эрнест Абдыжапаров. Режиссер тасманын сюжети жөнүндө "ВБ"ны кыскача тааныштырып өттү. "Бул сүйүү жѳнүндѳ тасма. Айылдык жаш жигит борборго келип бир шаардык кызды абдан сүйүп калат. Жигит орусча билбейт, анын сүйгѳнү кыргыз тилинде сүйлѳй албайт. Кыз вокал менен алектенет, бала литавра деген урма музыкалык аспапты үйрѳнѳт".

"Бул абдан күлкүмүштүү жана шайыр комедия кѳрүүчүлѳрдүн маанайын кѳтѳрѳт жана жылмайуу тартуулайт", - деп кошумчалады Эрнест Абдыжапаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД