Депутат "ЭкоИсламикБанкты" алдамчылык кылат деп күнөөлөдү

"Улуттук банк "ЭкоИсламикБанктын" "каржылоонун исламдык принциптеринин" негизиндеги ишмердигин текшерүүгө тийиш", - деп бүгүн, 14-февралда, "Республика" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жакында эле "ЭкоИсламикБанктын" Кадамжайдагы филиалынын жетекчиси тонолуп, андан кийин өлтүрүлгөн. "Шектүү деп кармалган адамдар, эгер филиалда күзөт кызматы болгондо мындай кадамга бармак эместигин айтышкан. Демек, банктын жетекчилиги мыйзам бузуп жатат. Себеби, эреже боюнча ар бир филиал милиция же күзөт агенттиктин кызматкерлеринин кызматын пайдаланууга тийиш. Ошондой эле банк ислам принциптери менен иш алып барып жатып, ар кандай амалдарга бараары белгилүү болду. Көбүн эсе бизнеске кредит берээрде, кирешени тең бөлүшөт. Бирок бизнемен банкрот болсо, андан кредиттин үстөк пайызын доолашат. Бул ислам принциптери боюнча каржылоого карама-каршы келет. Ислам өлкөлөрүндө кредит алуучу киреше тапса да, банкрот болсо да тең экиге бөлүшөт", - деди Шайназаров.

Мындан тышкары башка да будамайлоолору бар. "Кимдир бирөө кандайдыр бир бизнес-проектиге акча алууга келди дейли. Эгер проект банкка жакса, алар акча берүүнү мүмкүн болушунча ар кандай себептер менен создуктурушат. Кийин ал проектини такыр башка бирөө иш жүзүнө ашырып койгону белгилүү болуп жатат. Менин жеке пикиримде бул алдамчылык. Улуттук банк буга чара көрүшү керек", - деп Шайназаров кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД