Тарых музейин реконструкциялоону "маданиятсыздык жана вандализм" дешти

Борбордук Ленин музейинин Фрунзелик филиалынын мурунку жетекчиси, учурда Бишкектин финансы-экономикалык академиясынын тарбия берүү иши боюнча проректору, философия илимдеринин кандидаты Шералы Эгембердиев, Тарых музейин реконструкциялоону "маданиятсыздыкка жана вандализмге" жол берилгени жатат деп баа берди. Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов жана Жогорку Кеңештеги комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков реконструкция иштерине, анын ичинде лениндик скульптураларды демонтаж жасоого 55 млн сом бөлгөндүгү белгилүү болду.

"Скульптуралык композициялар гипстен жасалып, сырты коло түскө боелгон. Аларды ордунун бир аз эле жылдырууга аракет кылуу, скульптуралардын кыйрашына алып келет. Бул экспонаттар өтө морт, жана аларды ордунан козгоо мүмкүн эмес", - дейт Эгембердиев.

Ал андан көрө Тарых музейинин байыркы жана орто кылымдагы экспонаттарын, эски аянттагы мурунку өкмөт үйүнө жайгаштырууну сунуштайт (учурда ал имаратты Борбордук Азиядагы Америкалык университет ижарага алат). "Ал эми мурунку Ленин музейинде Кыргызстандын заманбап тарыхынын музейин ачуу зарыл", - деп ою менен Эгембердиев бөлүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД