"Кыргыз темир жолунда" 148,7 млн сомго финансылык мыйзам бузуулар аныкталган

Эсептөө палатасы "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясында" 2010-2011-жылдары үчүн масштабдуу аудит өткөрдү. Натыйжасында компания 148 млн 653,1 миң сомду бюджетке которбогону аныкталды. Бул туурлауу "ВБга" бүгүн, 15-февралда, эсептөө палатасынан билдиришти.

Ведомство маалымдагандай, финансы-чарбалык аудит 2010-жылдын 1 октябрнан тартып, 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган. Ал учурда ишкананын жетекчиси Аргынбек Малабаев болуп келген.

Аудиттин аныктоосуна ылайык, 2011-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджетке таза кирешенин 77,8 млн сому түшкөн эмес.

2010-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 33,3 млн сом которулган эмес. Бул каражат компаниянын кредиттик карызында да жок. Жалпысынан 2010-жылы республикалык бюджетке 70,8 млн сом которулушу керек болчу.

Ошентип, 2010-2011-жылдары бюджетке 148,7 млн сом которулууга тийиш. Анын ичинде айтылып жаткан компаниянын өзү – 126,9 млн сом, "Мостоотряд" – 21,7 млн сом жана "Ак-Суу" – 104,2 миң сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД