Музейлер тууралуу мыйзамды Конституцияга ылайыкташтырышты

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын музейлер жана музейлер фонду тууралуу" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө" кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мыйзам инвентаризациянын натыйжасында, мыйзамдагы жоболорду Конституцияга, "Кыргыз Республика мамлекети жөнүндө" Конституциялык мыйзамга, "Юридикалык тараптарды, филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү" мыйзамы жана граждандык кодексине ылайыктоо максатында кабыл алынгандыгы белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД