Бексултан Турдубаев Кыргызстандагы жаштар арасында мыкты боксер аталды

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда, 1995-1996-жылы туулган жаштар арасында, бокс боюнча жаштар чемпионаты болуп өттү.

Мелдештин соттук корпусу маалымдагандай, беш күн ичинде өспүрүм боксерлор 11 салмак категориясында мелдешишти. Чемпионат Эл аралык бокс федерациясынын (АИБА) эрежелерине ылайык өттү.

Анда өлкөнүн баардык облустарынан жана Бишкек менен Оштон келген 188 спортсмен катышышты. Мелдешке 22 сот көзөмөл жүргүзүштү, анын ичинен үчөө АИБАнын арбитрлери.

Чемпионаттын жыйынтыгында ар башка салмак категориясында алтын медалдардын ээслери болуп, Шохруз Мадраимов, Артем Мазнев, Бакай Таласов, Бек Камчибеков, Ыктияр Шабданбаев, Бексултан Турдубаев, Адилет Батыралиев, Медер Станбеков, Руслан Таирбек уулу, Баястан Акматов, Алмамбет Абидиновдор аталышты.

Чүй облусунан келген Бексултан Турдубаев мамлекеттик чемпионаттын мыкты боксеру деп табылса, мыкты сот – Мукаш Ырсалиев аталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД