Каримов Атамбаевди дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгы менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди эки өлкө ортосундагы калыптанып калган дипломатиялык мамилелердин жыйырма жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарларды.

Куттуктоо катында: "Өзбек жана кыргыз элин кылымдардан берки достук жана шериктештик мамилелери, тарыхтын жана маданиятыбыздын окшоштугу, тил жана каада-салтыбыздын жакындыгы байланыштырып келет. Бул эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүүдө жана региондогу тынчтыкты сактоодо туруктуу негиз болуп берет", - деп жазылган.

"Убакыттын сыноосунан өткөн ич ара сыйлоо жана ишеним артуу, эки элдин тең кызыкчылыгында дагы өркүндөп өсүп, жемиштүү жана туруктуу мүнөздө өнүгүшүнө терең ишенебиз.

Учурдан пайдаланып, Сизге, Алмазбек Шаршенович, чын ден-соолук жана ишиңизге ийгилик, ал эми кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү каалайбыз", - деген каалоо-тилектерин Өзбекстандын президенти билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД