"МЭА"нин таза кирешеси бир жылда чейрек миллиард сомго көбөйгөн

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК (МЭА) 2012-жылы, таза кирешесин 253,4 млн сомго, же 19% көбөйтүштү. Өткөн жылы компаниянын таза кирешеси 1млрд 517 млн сомду түздү. Бул тууралуу аэровокзалдын пресс-кызматы маалымдады.

"МЭА" ААКтын 2012-жылы алдын ал эсеп боюнча жалпы кирешеси 3 млрд 558млн сомду түздү. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 16% жогору.

Жалпысынан 2012-жылы республикадагы бардык аба майдандары аркылуу 20миңден ашык авиарейс катталган. 2011-жылга салыштырмалуу эл аралык каттамдар 14% көбөйгөн. 2007-2011-жылдары эл аралык каттамдардын 70% өскөнү байкалган.

2012-жылы жүргүнчүлөрдүн агымы 1,9 млн адамды түзүп, бир жыл мурунку көрсөткүчкө караганда 21% жогору болгон. Эл аралык багыттагы жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн көлөмү 2011-жылга салыштырмалуу 26%, ички багытта – 8% өскөн. 2012-жылы оор жүктөрдү ташуу 20,7миң тоннаны түзгөн.

"Манас" эл аралык аэропортунун" пресс-кызматы, бул алдын ала жүргүзүлгөн финансылык көрсөткүчтөр экенин белгилешти. 2012-жылдын толук жыйынтыгы ушул жылдын апрель айында даяр болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД