Депутаттардын айлыгын сыр бойдон калтырууну провокация деп сындашты

"Конституцияга ылайык, Кыргызстандын ар бир жараны чиновник жана соттордун айлык акысы тууралуу маалымат алууга укуктуу", - деп бүгүнкү, 18-февралда, өтүп жаткан соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин парламенттик жыйынында СДПК фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун, депутаттардын маянасы тууралуу маалымат жабык болуш керек деген чечими – "провокация". "Эмне себептен мындай чечим кабыл алынды? Эмненин негизинде?",- деп жыйынга катышкан Бишкек шаардык коллегиясынан сурады.

Ленин райондук соттун соту Максуда Оморова шаардык коллегиянын жыйынтыктоочу жыйыны өткөнүн билдирип: "Бул маселе чогулуш учурунда талкууланган. Жогорку соттун төрайымы Джамашева түзүлгөн жагдайды түшүндүрдү. Ал Шаардык кеңештин депутаттардын айлыгы тууралуу маалымат берүү чечими, Жогорку сот тарабынан сыр маалымат болгон үчүн тыюу салынган эместигин айтты. Депутаттардын айлыгы тууралуу маалымат жабык эмес, арыз жазган адам жеткиликтүү укукка ээ болгон эмес. Биз айлыкты мамбюджеттен алабыз, ошондуктан бул маалымат жабык болушу мүмкүн эмес", - деп түшүндүрдү.

Тербишалиев Конституциянын нормасына ылайык, ар бир жаран маалымат алууга укуктуу экенин белгиледи. "Ал билдирме бергенге укугу жетишсиз болчу деген шылтоо туура эмес. Конституциянын нормаларын ар бирибиз сакташыбыз керек", - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД