1 марттан тартып ички авиа каттамдарга билет баасы арзандатылат

1 марттан тартып, ички авиакаттамдарга билеттердин тарифи төмөндөтүлөт. Бул туралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Көптөгөн жарандар депутаттарга жана Минтранскомго ички каттамдардын баасын төмөндөтүүсүн суранышып, кайрылышкан.

15-17-февралда "Манас" ААКтын, "Кыргызаэронавигация" ММдин, "Жарандык авиация" агенттигинин жетекчилери Ош, Жала-Абад, Баткен жана Исфананын аэропортторуна барышкан.

"МЭА" ААКтын эсебинен аэропорттордун реконструкциясы жүргүзүлүп, көбүн эсе учуп-конуучу полосалар түзөтүлөт. Жалал-Абаддын аэропорту үчүн - 81 млн сом, Баткенге – 124 млн сом, Исфанага – 81 млн сом бөлүнөт.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында авиамайкуюуучу бааларын тоннасына 150 долл. төмөндөтөөрү белгилүү болгон. Авиакомпаниялардын жетекчилери да билет бааларына тарифтерди түшүрүштү. Бишкек-Ош 500 сомго, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен жана Бишкек-Исфана 300 сомго арзандайт.

Андан тышкары, каникул учурунда студенттик тарифти киргизүү жана жаш өзгөчөлүгүнүн төмөндөтүү градациясына жараша, балдар үчүн тарифтер каралат. Ошондой эле, 1-марттан тартып, кошумча дагы бир Бишкек-Жалал-Абад маршруту боюнча жумасына 4 рейс жүргүзүлөт.

Жарандардын суроо-талап жана сунуштарына жараша, тиги же бул ички каттамдарды өзгөртүү үчүн жылма график пайда болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД