Кулагы кесилген кыргызстандыктын өлүмүнө улут аралык чыр себеп болгон эмес

"Москва шаарында өлтүрүлгөн кыргызстандыктын кулактары кесилген экен. Бул тууралуу бир нече версия иштелип чыгууда. Анын бири, улуттук араздашуудан улам өлтүрүлдү болчу. Бирок бул версия тастыкталган жок", - деди Кыргызстандын РФтеги элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мырзабек Карагулов.

Москва шаарынын укук коргоо органдары билдиргендей, маркумдун денеси көптөгөн кесилген жаракаттары менен январь айынын аягында табылган. Варшав шоссесинен алыс эмес жердеги, көп кабаттуу үйдүн жанында жаткан киши жөнүндө жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Каза болгон жигит 1987-жылы туулуп, Кыргызстандын Ала-Бука районунан экендиги, бирок Россиянын граждандыгын алганы кийинчерээк белилүү болду. Ал россиялык ЖАКтардын биринде жүк ташуучу болуп иштеген. Москва шаарында катталган эмес.

"Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон, иликтөө иштерин Москванын түштүк административдик аймагынын регион аралык башкармалыгы иликтеп жатат. Бизде иликтөөчүнүн байланыш телефондору бар. Ал аркылуу иликтөөнүн жүрүп жаткан иштери тууралуу маалыматтын баардыгын алып турабыз", - деди Карагулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД