Капиталдык курулуш боюнча титулдук барактын 40% мектептер ээлешти

"Капиталдык курулушка каралган 87 объектинин 40%ын мектептер түздү", - деп бүгүн, 18-февралда, тышкы иштер жана бюджет жана каржы комитеттеринин парламенттик жыйынында каржы министри Ольга Лаврова маалымдады.

Анын айтымында, капиталдык курулуш боюнча титулдук баракты түзүп жаткан учурда бир нече приоритеттер эске алынган. "Ага авариялык абалдагы, палатада билим берип жаткан жана 60% бүткөрүлгөн мектептер кирген. Каражаттын бир бөлүгү Баткендеги чек ара аймагына жакын жайгашкан мектептерди салууга жөнөтүлөт. Жалал-Абадка -13%, Бишкекке -10%, Нарынга - 9,3%, Чүй облусуна - 5,9%, Ысык-Көлгө - 3,7% жөнөтүлөт. Курулуш иштерине эң муктаж болуп Ош областы эсептелгендиктен, каржаттын басымдуу бөлүгү айтылган регионго жөнөтүлөт", - деди министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД