Кыргызстандан алты дзюдочу Германиядагы Гран-при турнирине катышат

Кыргызстандан алты дзюдочу Германиядагы Гран-при сериясындагы турнирге катышат. Кыргызстандагы дзюдо федерациясынын аткаруучу директору Эркин Кадыракунов "ВБга" маалымдагандай, команданын курамына Адилет Ботоканов, Ислам Баялинов, Эдиль Беккулов, Руслан Жаныбек уулу, өспүрүмдөр арасындагы Азиянын чемпиону Болот Токтогонов жана 2012-жылдын Олимп оюндарынын катышуучусу Юрий Краковецкий киришти.

Курама команданы машыктыруучу Талант Дуйшенбеков коштоп барат. Делегацияны федерациянын президенти Ырысбек Мааткабылов жетектейт.

Гран-при сериясындагы турнир Дюссельдорф шаарында 23-24-февралда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД