Ветеринария департаменти айыл чарба өндүрүшүнүн жогорулаганын билдирди

Мамлекеттик ветеринария департаментинин билдирүүсүнө караганда, өз маалында өткөрүлгөн ветеринардык-санитардык иш чаралардын натыйжасында 2012-жылы эл жана мал арасында бруцеллез боюнча эпизоотикалык акыбал оңолгон, анткени 2011-жылга салыштырмалуу 50%га бул оорууга чалдыккандардын саны кыскарган.

Бул өз кезегинде, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүк индикаторуна оң таасирин тийгизди.

Эттин өндүрүмдүүлүгү 2008-жылга салыштырмалуу - 20,6 миң тоннага, сүт – 103,9 миң тоннага, тери – 429 миң тоннага өссө, бодо малдын төл башы 143,4 миңге, майда жандык – 920,4 миңге жогорулаган.

Учурда да департамент, бруцеллезду алдын алуу ветеринардык-санитардык иш-чараларын улантууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД