Депутаттын балдарынын жумуштан айдалганынын себептери белгилүү болду

Мамаппаратта иштеп жаткан депутаттын балдары өз туугандарына сыр-маалыматты ташып, жеткиришкен. Бул тууралуу "ВБга" бийлик аппаратындагы өздүк булактар маалымдашты.

"Депутаттардын балдары жана туугандары мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, сыр-маалыматтын баардыгын жеткирип турушкан. Бул кызыкчылыктардын конфликтине алып келген", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик аппараттан депутаттардын балдарын жана туугандарын жумуштан кетирген. Анын себебин, ошол учурда аппараттын реорганизациялоо жана ээлеген ордуна, коюлган талаптарга жооп бербейт, деп түшүндүрүшкөн.

Бирок аппараттагы чиновниктердин бири "ВБга" маалымдагандай, премьер эл өкүлдөрүнүн балдарын жана туугандарын иштен башка себептер менен кетирүүгө аргасыз болгон. "Мамлекеттик сыр делген маалыматтын сыртка чыгып жатканына байланыштуу кызыкчылыктар конфликти жаралган. Башкача сөз менен айтканда, депутаттар алган маалыматтардан колдонуп, өз кызыкчылыктарын көздөп, айрым чиновниктерге кысым көрсөтүшкөн. Натыйжасында бийлик кандайдыр бир планга коюлган иш-аракеттерин баштай элек жатып, депутаттар тарабынан таламчылыкка алынган", - деп айтып берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД