Элчи ГЭС Орусиянын Кыргызстанды багыттандыруунун аракети дегенди четке какты

"Орусия Кыргызстанга инвестицияларды ак ниетинен жасап, ГЭСдери куруу аркылуу өз бийлигине баш ийдирип алгысы жок", - деп, бүгүнкү, 20-февралда "Кыргыз-орус мамилелери: кызматташуунун перспективалары жана позитивдик реалийлер" аталышындагы тегерек стол учурунда РФтин Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько билдирди. Кыргыз-орус курулушуна карата айтылган сын-пикирлерге карата комментарий берип жатып, элчи бийликтин чечими менен Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун каржылоо үчүн, "Интер РАО ЕЭС" ААК "Иркутскэнергодогу" 40% үлүшүн сатып жатат, деди.

Крутько белгилегендей, "Орусия бул абдан ири мамлекет, анда дагы гидроэлектростнацияларды, жолдорду жана башка социалдык багыттарды каржылоо зарыл. Бирок ошого карабастан каражат Кыргызстанга жөнөтүлүп жатат".

Орусия Кыргызстандын көз карандысыз, эркин жана кайраттуу мамлекет болушун каалайт. "Экономиканы өнүктүрмөйүн, бул нерселер мүмкүн эмес. Бир нече жылдан кийин ГЭСдердин каскады тургузулуп, алар Кыргызстандагы энергетика дефицитин чечишет деген терең ишеничим бар", - деди РФтин элчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД