Элчилер Сириядан эвакуацияланган кыргызстандыктар тууралуу маалыматты такташты

Кыргызстандын РФтеги элчилиги маалымдагандай, сириялык Латакия шаарынан РФтин ЧКМнин Ил-62 самолету, 20-февралда 00.05 саатта СНГнин жарандарын жеткирген. Алардын арасында кыргызстандын жараны Ольга Ладанова күйөсү жана эки баласы менен келген. Алардын келээр маалында, "Домодедово" аэропортунда элчиликтин атайын жөнөтүлгөн кызматкери тосуп алган. "Учактын бортунда кыргызстандыктын бар экенин РФтин чукул кырдаалдар министрлигинен билдик, - деди кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Алмаз Букалаев. Ольга Ладанованы үй-бүлөсү менен кошо посольствонун конок үйүндө жайгаштырдык. 20-февралда эртең менен "Шерементьево" аэропортуна, андан ары Бишкекке жөнөп кетүүсү үчүн жеткиргенбиз".

Букалаевдин айтымында, жакын арада РФтин чукул кырдаалдар министрлигинин дагы бир учагынын Сириядан келүүсү күтүлүүдө. Ал жакта да КРдин жарандары болушу мүмкүн. "Ушул сыяктуу баардык жагдайларда биздин мекендештерге Кыргызстанга кайтып келүүсүнө жардам көрсөтүлөт. Керектүү маалымат алуу максатында биз РФтин МЧСи менен байланышып турабыз",- деди Букалаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД