Кыргызстанга Азиянын Олимпиялык кеңешинин жетекчиси келет

Марттын орто ченинде Бишкекке Улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын жетекчиси, Азиянын Олимпиялык кеңешинин президенти шейх Аль-Сабахтын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу "ВБга" Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, шейх өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев менен кезигет. Жолугушуу учурунда кыргызстандык спортту колдоо жана спорткомплекстерди салуу маселелери көтөрүлөт.

Андан тышкары, шейх Аль-Сабах Кыргызстандын Футбол федерациясынын жетекчилери менен кезигүүнү көздөп жатканы белгилүү. Жергиликтүү футболчуларга да материалдык жана техникалык жардам көрсөтүү иштери каралмакчы.

Эл аралык олимп комитетинин жетекчилигине "олимп программасынан спорттук күрөштү чыгарбоо" өтүнүчү менен жазылган кайрылуу Жогорку даражадагы мейманга, тапшырылат",- деди Саралинов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД