Россияда чет элдиктерге иштөөгө уруксат берген жасалма документтер өтө көп

Дипломаттар мекендештерди документтерди кыска мөөнөттө бүтүрүп берем деп убада кылган шылуундардын кайырмагына илинбөөсүнө чакырышат.

РФтеги Кыргызстан элчилиги Москва жана Подмосковьеде жасалма документтерди жасоо кайрадан жанданып, көбөйө баштаганын жар салууда.

Тез убакта документтерди бүтүрүп берем дегендерге ишенбегиле. Жасалма кагаздар менен кармалып калсаңар, эң жакшысы жөн эле штраф салып, кое бергени. Бирок көпчүлүк учурда бул кылмыш ишин козгоо менен аяктайт.

"Биз жүргүзгөн анализге ылайык, кыргызстандыктар тарабынан ушул өңүттөгү мыйзам бузууну жалпы мыйзам бузуулардын төрттөн бир бөлүгүн түзөт", - деп элчиликтин консулдук бөлүмүнөн кабарлашты. Жасалма документтер менен мыйзамдуу ишке орношо алам деген куру кыял. Мыйзам чегинде иштеген жумуш берүүчү мигрантты миграциялык учетко тургузганы барганда эле жергиликтүү миграция кызматы документтин аныгын билишет.

Учурда жасалма документтер заманбап компьютердик технjлогиялардын, тиешелүү шаймандардын жардамы менен оригиналдан айырмалангыс документтерди жасап беришет. Ошондон улам кыйыр жол менен баруу азгырыгы абдан жогору. Бирок укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин көзү каныгып калган. Анын үстүнө компьютердик база тууралуу да унутпоо керек.

Кыргызстандын элчилигине келгендердин жасалма документтерин дароо алып калып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жалган документтери менен кармалган мигрант 80 миң рублга чейинки айып пулун төгөт, милдетүү түрдө 480 саат иштеп, түзөтүү жумуштарына эки жылдык мөөнөткө чейин жөнөтүлөт. Ошого карабастан да тобокелчиликке баргандар арбын. Мигранттарды алдаганга көпчүлүк учурда жердештери эле барышат. Алар вокзал жана башка киши көп чогулган жерлерде, кардар издешет.

Жасалма документтер менен шыгулдангандарды аныктоо оңой эле. Алар көпчүлүк учурда кагаздарды кыска мөөнөттө, башкача айтканда үч-төрт күндө бүтүрүп берүүнү убада кылышат. Баасы да нормалдуу компанияларга салыштырмалуу эки эсе арзан болот. Ал эми эң негизгиси: алар бул документ ФМСте катталган эмес деп алдын ала айтышып, бирок бул эч кандай маселе туудурбайт деп көндүрүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД