Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы 10 млн сомду мыйзамсыз колдонгон

УКМКнын антикоррупциялык кызматы, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы, бюджеттик каражаттан 10 млн сомду мыйзамсыз колдонгонун аныктап чыгышты. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү маалымдады.

2010-жылы мамлекет жергиликтүү калк арасында миграция деңгээлин төмөндөтүү максатында каражат бөлгөндүгү белгиленет.

2011-жылы Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия каражатты багытталган максатка колдонбостон, мыйзамсыз түрдө кыймылсыз мүлктү жогорулатылган баада сатып алгандыгы далилденди.

19-февралда Генералдык прокуратура "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД