Жунусов менен Базарбаев Воробьевду жалган жалаа жапкандыгы үчүн сотко беришет

Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов жана министрдин орун басары Кудайберген Базарбаев Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драм театрынын жетекчисин жалган жалаа жапкандыгы үчүн сотко бергени жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда, "ВБга" Базарбаев билдирди.

"Айтылган маалымат чындыктан канчалык алыс болсо, ага ишениш ошончолук оңой. Воробьеву бизди куру эле каралап жатат", - деди министрдин орун басары. Анын айтымында, Воробьев директор болуп иштегенден бери, театрдын жанынан жана ичинен жети кафе ачкан. Театр директорунун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн гана атайын комиссия түзүлгөн деп тастыктады Базарбаев. "Бирок Воробьевдон эч ким акча өндүрүүгө аракет жасашкан эмес", - деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн театрдын директору прессанын алдында чиновниктер андан ордун сактап калуу үчүн 20 миң доллар талап кылып жатышат деп айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД