Транспорт министрлиги: Кыргызстан ачык асман саясатына 1,5 жылдан соң даяр болот

"Манас" эл аралык аба майданы ачык асман саясатын киргизүүгө али даяр эмес. Бул туралуу 23-февралда "ВБга" Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчиси Калыкбек Султанов билдирди.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 4-декабрында Экономика министрлиги жарандык авиация үчүн "Ачык асман" режимин киргизүүнүн канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар экенин изилдеп чыгууга атайын жумушчу топ түзгөн. Жергиликтүү компаниялар, чет элдик компаниялардын атаандаштыгынан чоочулап, буга каршы пикирин билдришкен.

19-февралда транспорт министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов эл аралык күчтүү компаниялар өз маршруттарын ачып, демпингдик бааларды коюп коюшу ыктымал, бул жергиликтүү компаниялардын жок болшуна алып келүүсү мүмкүн, деп кооптонууда. Дыйканов Кыргызстан азырынча ачык асман саясатын ишке ашырууга даяр эмес деген чечимин чыгарды.

"Ачык асман" режими абдан зарыл, бирок ага чейин жердеги базаны калыпка салуу керек. Бүгүнкү күндө аэровокзал күнүнө 850 жаранды кабыл ала алат. Бирок бул көрсөткүч жетишсиз. Реконструкциядан кийин, аэропорт бир жарым миңге чукул адамды кабыл ала баштайт", - деди Султанов.

Анын айтымында, учурда "Манас" аэропорту өзүнүн эсебинен жүргүзүп жаткан оңдоо иштери 1,5 жылдан кийин аяктайт. Ошондон кийин гана "Ачык асман" тууралуу кеп козгосо болот.

"Биз "Манастын" эл аралык хаб болуусун каалайбыз, бирок ал нерсеге даярданыш керек", - деп Султанов кошумчалады.

Статс-катчынын билдирүүлөрүнө министр да кошулду. Чындап эле эл аралык авиакомпаниялардын баалары менен алдамчылыктарга жол берилет деген кооптонуу бар. Бирок Кыргызстан "Ачык асман" багытынан баш тартпаарын билдирди.

Маалымат үчүн

Ачык асман саясаты – бул эл аралык авиаиндустриядага эрежелерди башкаруу жана либеризациялоого багытталган эл аралык концепция. Өзгөчө коммерциялык авиацияны б.а. авиаиндустриянын эркин рыногун жаратып, эл аралык авиацияга өкмөттүн кийлигишүүсүн азайтуу. Ошондой эле бул, өкмөт авиакомпаниялардын маршрутту, жеткирүү пунктту, билет жана жүк ташуунун көлөмүн жана баасын аныктоосуна такыр кийлигишпейт дегенди билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД