Нью-Йоркто Кыргызстандын желеги желбирейт

13- мартта Нью-Йоркто Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи болуп өтөт. Иш чараны кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштурат.

Ушул сыяктуу иш чара АКШда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Салтанат атактуу чабуул койуучу буканын статуясы орнотулган "Баулнг грин" бакчасында өткөрүлөт. Парк Уолл-стрит жана Нью-Йорк каржы биржасынан алыс эмес жерде жайгашкан.

Желек көтөрүү аземи Нооруз майрамына ылайыкталып, майрам күндөрү желбиреп турат.

Мааракеге атактуу ырчы Каныкей чакырылган. Ал Кыргызстандын гимнин аткарат.

"Бул АКШда жашаган кыргызтандыктар үчүн патриоттук сезимге толгон абдан маанилүү окуя. Себеби, кыргыздардын АКШга жыйырма жылдан берки убакыт өткөнүнө карабастан биздин желек алгачкы жолу Нью-Йоркто желбирейт, - деди Kyrgyz Clubдын негиздөөчүсү Айбек Хакимов. "Мен АКШдагы баардык кыргызстандыктарды бул мааракеге чакырам. Диаспора үчүн өтө маанилүү окуядан четте калуу болбос", -дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД