Кыргызстандын каратисттери СНГ өспүрүмдөр кубогунда 7 медалга татыктуу болушту

Кыргызстандыктар СНГнин шинкекушинкай каратэси боюнча кубогунан жети медаль менен кайтышты. Бул тууралуу "ВБга" Кыргызстандагы эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Владимир Бычков маалымдады.

Анын айтымында, баардыгы болуп Кубокко 270 спортчу катышышты. Алар Орусия, Украина, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринен барышты. Кыргызстандын таламын жогорудагы турнирде 17 жашка чейинки 11 спортчу талашышты. Анын ичинен жетөө медаль менен кайтышты.

Турнирдин күмүш байгелерин Нурсултан Шамансуров, Байэл Шерматов, Арсен уулу Амангелди, Элнур Гайнутдинов утушту. Ал эми коло байгелер менен Артем Носарев жана Арсланбек уулу Асылбек кайтышты.

Турнир Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлдү.

Бычков белгилегендей, кийинки айда Алматыда салттуу түрдө Эл аралык аялдар күнүнө карата өткөрүлгөн эл аралык турнир башталат. "Ал жака бизден эки спортчу кыздарды алып барганы турам. Бирок баардыгын каражат чечет", - деди Бычков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД