Жаңы мечиттин курулуш иштери унаа токтотуу жайдын жоктугунан токтотулду

Түрк тарабынан каржыланып жаткан Бишкектеги борбордук мечитти куруу эки себептен улам токтотулууда: уна токтотуучу жайга бөлүнгөн жер участогунун жоктугу, ушунун айынан курулуштун генералдык планы али бекий элек, жана курулуш иштери жүрүп жаткан жерде мыйзамсыз бактарды кыйуу боюнча козголгон кылмыш иши.

Эске салсак, түрк тарап Кыргызстандагы жаңы мечиттин курулушуна 25 млн доллар бөлүүгө даяр. Курулуш иштери 3,5 га участогунда, мурунку Бишкектин "Ыссык-Көл" кинотеатрынын территориясында жүрүп жатат. Долбоор 2,5 жылга созулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 500 м кв түзүп, уч кабаттуу болмокчу. Төрт мунаранын бийиктиги 70 метрди түзөт. Жаңы мечит бир эле учурда 10 миң киши батыра алат. Кыргызстандагы мусулмандардын диний башкармалыгына жер тилкесин бөлүп берүү милдеттендирилген.

Бирок Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевдин айтымында, Бишкекглавархитектура унаа токтоуучу жайдын жоктугуна таянып, генпланды бекиткенден баш тартууда. Ал кошумча унаа токтотуучу жай үчүн жер сатып алууга диний башкармалыктын каражаты жоктугун айтат. "Мэрия тарабынан Диний башкармалык үчүн 49 жылга ижарага атайын каралган 3,5 гектар жерде, "парковка" батпай калган. Ал үчүн кошумча жер тилкесин алуу зарыл, бирок каражат жок", - деди Эгембердиев.

Парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров долбоорду аягына чыгаруу жоопкерчилигин өз мойнуна алаарын билдирген. "Диний башкармалык, унаа токтотуучу жайды сатып алууга керектүү сумманы чогултуу үчүн баардык аракетин жумшаш керек. Жаңы мечиттин салынышы Кыргызстандагы баардык мусулмандар үчүн маанилүү", - дейт Зулпукаров.

Ошол эле учурда Бишкектин башкы архитектору Алмаз Абдыкадыров мечиттин унаа токтотуучу жайынын жоктугу, келечекте шаар үчүн көптөгөн маселелердин уюткусу болуп калаарын "ВБга" маалымдады. "Долбоор боюнча мечит 10 миң кишини батырат. Бирок ошол кишилердин унаалары кайсы жерге токтотулаары каралган жок. Бул шаар үчүн чоң кыйынчылыктарды туудурат. Долбоор ишке ашкан соң, шаардык мусулмандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүсү менен кызыктуу болот", - деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД